Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы уурдалып, киши колдуу болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу жалпы кыргызстандыктарга кайрылып, никеге туруу максатында кыз ала качуу арам экендигин жана шариятта ала качууга тыюу салынганын эскертти.
Бул тууралуу “Eurasia Today” агенттиги муфтиятка шилтеме берүү менен маалымдайт.
Муфтият адамдын жаны аманат экендигин дагы бир ирет баса белгилеп, үйлөнөм деп башканын тагдырына балта чаппаш керектигин кошумчалады.
«Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы Айзаданын ата-энесине, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Шариятыбызга жана адамгерчиликке жатпаган жана инсандын жанын кейиткен аянычтуу окуя болду.
Аял дегенде сөздүн аталышынан эле туюнтулуп тургандай, аярлай турган назик, алсыз, бирок асыл затты түшүнөбүз. Аялзаты табиятынан коргоого, колдоого муктаж.
Тилекке каршы, карт тарыхта аялзаты көбүнесе басмырлоого дуушар болуп келди. Аялзатына зордук-зомбулук, кызыл камчылык, басмырлоо аракети ар кайсы доордо ар кандай деңгээлде өнүгүп отурду. Динибиз аялзатын барктоого өзгөчө көңүл бурду. Аялды камсыздоону кичинекей кезинде атасына, турмуш курганда жолдошуна, улгайганда баласына жүктөдү.
Ыйык курандагы жалпы өкүм-буйруктар эркектерге эле эмес, аялдарга да тиешелүү. Аялдар да күнөөдөн тыйылып, жакшы иш кылууга буюрулган. Ыйык Куранда эркекке да, аялга да атайын кайрылган аяттар бар.
«Жакшы иштерди жасаган эркекпи, аялбы, эгер алар ыймандуу болушса бейишке киришет. Аларга кымындай да зулумдук кылынбайт»
Бүгүнкү күндө коомубузда айрым учурларда катталып жаткан «аялзатына зомбулук фактылары» кейиштүү жагдай боюнча калууда. Мунун себеби катары Ислам дининен тарбия жана маалыматтын жетишсиздиги деп көрсөтүүгө болот.
Урматтуу мекендештер! Ала качуу арам. Шариятта ала качууга тыюу салынат. Кызды мажбурлап үйлөнүүгө шарият жол бербейт. Ошондой эле башка бирөөгө зыян берүүнүн бардык түрү арам. Ушундан улам Ислам дини көрсөткөн жол менен турмуш куруп, башка бирөөнүн өмүрүнө, ден соолугуна кедерги тийгизбөөгө чакырабыз. Анткени, адамдын жаны аманат!», – деп айтылат муфтияттын кайрылуусунда.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.
Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү кызды муунтуп өлтүрүп, андан соң өзүн-өзү бычактап өлтүргөн.
Тергөө жана издөө иштеринин жүрүшүндө кыздын уурдалышына шектелип 29 жаштагы Р.А., 32 жаштагы З.Р., 1995-жылкы Т.К. жана 1991-жылкы Н.О. аттуу жарандар колго түшүрүлдү.