Sputnik V вакцинасынын адал экендиги айтылды

COVID-19га каршы вакцина алуу орозону бузбайт.

“Informburo” агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын мусулмандарынын дин башкармалыгы Sputnik V вакцинасын адал жана зыянсыз деп тааныды. Бул тууралуу Казакстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ершат Онгаров билдирди.
“Биз Орусиянын мусулмандарынын дин башкармалыгына Sputnik V вакцинасынын курамы жөнүндө суроо жөнөттүк. Жообу келди. Вакцинада жаныбарлардын компоненттери жок, андыктан анын “арам” экендигине эч кандай далил жок жана “халал” вакцина деп айта алабыз”, – деди Ершат Онгаров.
Орозо учурунда эмдөө орозону бузбайт. Казакстандын Атырау шаарында өткөн Аалымдар кеңешинин XXIX жыйынында эмдөө боюнча чечим кабыл алынган.
“Исламда эмдөөгө тыюу салынган эмес. Тескерисинче, Ислам ар бир адамды өз өмүрүнө, ден-соолугуна кам көрүүгө жана оорулардын алдын алуу жолдорун издөөгө милдеттендирет. Аллахтын Элчиси (ага Алланын салам-салаваттары болсун).) “Дарылангыла, чындыгында Аллах ар бир ооруну шыпаасы менен жараткан. Бир гана оорунун дабаасы жок, ал карылык”, – деген. Бирок эмдөө ар бир жарандын макулдугу менен жүргүзүлүшү керек. Бирок жугуштуу оорулар көбөйүп, өзүнө жана башкаларга зыян келтирүү коркунучу жогоруласа, ооруга каршы эмделүү зарыл болот”, – деп билдирди Казакстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын шарият жана фатва бөлүмүнүн өкүлү Хасан Аманкул.
Анын айтымында, вакцинанын курамында арам жана нажас деп аталган заттар болбошу керек. Эгер халал вакцина жок болсо жана эмдөө талап кылынса, адистердин жетекчилиги астында колдо бар вакцинаны алууга уруксат берилет.
Эскерте кетсек, Ыйык Рамазан айы 13-апрелде башталып, 12-майда аяктайт. 8-майдан 9-майга караган түн – Кадыр түн.

Комментарий жиберүү