Иран: Санкциялар толугу менен алынып салынмайынча, өзөктүк аракеттерди токтотпойбуз

Аббас Аракчи: АКШ санкцияларды алып салуу аракетине багыт алууда.

«Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Сейед Аббас Аракчи АКШ бардык санкцияларды алып, өзөктүк келишимге кайтып келмейинче Ирандын өзөктүк, айрыкча байытуу жаатындагы эч кандай иш-аракеттери токтотулбай турганын билдирди.

Ал 20 пайыз байытуу тездик менен жүрүп жатканына токтолуп, “Бул процесс макулдашуу жетишилип, ага ылайык АКШ тараптан бардык санкциялар жокко чыгарылып, буга чейин көп жолу айтылгандай, бардык санкциялар бир кадамда алынып салынганга чейин уланат”, – деди.

Аббас Аракчи Ирандын Европа, Орусия жана Кытай менен диалогу улантып жаткандыгын белгиледи: Ирандын сүйлөшүү тобу келишимдин учурдагы тобу, тактап айтканда Европадагы үч өлкө, Орусия жана Кытай жана өзөктүк келишимдин координатору болгон Европа Биримдиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат жана экинчи жагынан америкалыктар менен өздөрү билгендей сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат”, – деп билдирди.

Ошондой эле ал, “Америкалыктар өз позицияларын кайрадан карап чыгып, санкцияларды толугу менен алып салууга өтүп жаткандыгын билдирген белгилер бар”, – деди.

Вашингтон 2018-жылы май айында Дональд Трамптын тушунда өзөктүк келишимден бир тараптуу жана мыйзамсыз чыгып, андан бери Иранга каршы өзөктүк санкцияларды калыбына келтирүүдөн тышкары дагы кеңири санкцияларды киргизген. Бирок АКШнын жаңы президенти Жо Байден Америка Кошмо Штаттарын келишимге кайтарууну каалай турганын билдирген.

Комментарий жиберүү