Ооганстандын Улуу Британиядагы элчилиги ишин токтотот

Ооганстандын Улуу Британиядагы элчилиги жергиликтүү бийликтин талабы менен 27-сентябрдан тарта ишин токтотот. Бул тууралуу ооган дипломатиялык миссиясынын башчысы Залмай Расул X соцтармактагы баракчасынан билдиргенин Associated Press агенттиги билдирди.

Британ бийликтери мындай чечимди Ооганстанда бийликти алган “Талибан” кыймылы Кабул менен кызматташуудан баш тарткан ооган дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тараткан документтерди таануудан баш тарткандан кийин кабыл алган.

Талибдер түзгөн Тышкы иштер министрлиги мурда кабарлагандай, алардын арасында Ооганстандын Австралия, Австрия, Бельгия, Греция, Италия, Канада, Норвегия, Польша, Франция, Швейцария жана Швециядагы элчиликтери да бар.

2021-жылдын августунда Ооганстанда талиптер бийликке келгенден кийин мурдагы өкмөттө иштеген дипломаттар белгисиздик абалда калышкан. Алар Кабулдан акча алышпай, отчетторун ал жакка жөнөтүшпөй калышкан. Бирок үч жыл бою талиптер аларга консулдук кызмат көрсөтүүгө, паспорт, виза жана башка документтерди берүүгө уруксат берген. Ошол эле учурда талибдер Кытай жана Пакистан сыяктуу кээ бир өлкөлөргө өздөрүнүн бекитилген дипломаттарын жиберишкен.

Талибан өкмөтү июлда мурдагы өкмөт тарабынан дайындалган дипломатиялык өкүлдөрдү мындан ары тааныбай турганын жана Ооганстандын Улуу Британиядагы жана башка 13 өлкөдөгү, негизинен Европадагы элчиликтери чыгарган документтер жараксыз деп жарыялаган.

Талибан кыймылы Европадагы беш гана дипломатиялык миссияны: Нидерланддагы, Испаниядагы, Болгариядагы жана Чехиядагы элчиликтерди, ошондой эле Мюнхендеги консулдукту мыйзамдуу өкүлдөрү катары тааный турганын жарыялаган.

“Бул дипломатиялык өкүлчүлүктөр Кабулдан келген көрсөтмөлөрдү аткарышат жана биздин мамлекетти кабыл алуучу өлкөлөрдө көрсөтөт. Биз алардын ишине ишенебиз жана бул иш ачык-айкын жүргүзүлүүдө”, – деген “Талибандын” өкүлү Забихулла Мужахид DW телеканалына.

Комментарий жиберүү