Ооганстан менен Пакистанда жер титирөөдөн кеминде 13 киши каза тапты

Пакистан менен Ооганстанда 21-март күнү кечинде катталган күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөөдөн бери дегенде 13 киши өлүп, 100дөй адам жаракат алды.

Бул тууралуу Al Jazeera кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, тогуз киши Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтанхва провинциясында мерт болсо, төрт киши Ооганстандын Лагман провинциясында каза тапты.

Жер титирөөнүн очогу Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Бадахшан провинциясынын Журм уездинен түштүктү карай 40 чакырым аралыктагы жерде орун алды.

Пакистандык The New гезити бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына таянуу менен Сват окуругундагы ооруканаларга жаракат алган 250 киши жеткирилгенин кабарлады. Аймакта жарандык инфраструктуралар талкаланган.

Жер силкинүү Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда да сезилди. Курмандыктар жана кыйроолор жок.

Февраль айында Түркия менен Сирияда болгон зилзаладан 50 миңден ашуун киши набыт болуп, 100 миңден көп адам ар түрдүү деңгээлде жаракат алган.

Былтыр жайында Ооганстандын чыгышындагы жер титирөөдөн 1000ге чукул адам өлгөн.

Комментарий жиберүү