«Рамазан чатыры»: Бишкекте бир ай бою акысыз ооз ачыруу уюштурулат

. Кыргызстанда 24-марттан баштап “Рамазан чатыры” аттуу социалдык-маданий долбоору өз ишин баштайт.

Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары – “Умма” ислам журналынан билдиришти.

Иш-чара 2016-жылдан бери аталган журнал тарабынан уюштурулуп, быйыл сегизинчи ирет өткөрүлөт.

Бул өзгөчө долбоордун максаты  Рамазан айынын урматына аз камсыз жана муктаж адамдарга ооз ачуу уюштуруу болуп эсептелет.

Акысыз ооз ачууга багытталган тамак-аш 24-марттан баштап Рамазан айынын аягына чейин күн сайын уюштурулат.

“Рамазан чатыры” эшигин ачкан күндөн тартып Рамазан айынын аягына чейин майрамдык ооз ачууга калктын аярлуу катмары: жалгыз бой энелер, жетим балдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, карылар үйүндөгү адамдардар, аз камсыз болгондор чакырылып, акысыз тамак берилет. 

Белгилей кетсек, “Умма” ислам журналы тарабынан демилгеленген бул кайрымдуулук долбоору буга чейин да Бишкекте беш ирет, Ошто  эки жолу өткөрүлүп, коом тарабынан абдан жылуу кабыл алынган.

Иш чаранын ачылышы Бишкек шаарындагы «Зерно» ресторанында саат 19:00дө болот.

Комментарий жиберүү