Орбан : “Швеция тууралуу Түркия менен байланыштабыз”

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Швециянын НАТОго мүчөлүгү темасында НАТО жана Түркия менен байланышта экендерин айтты.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Швециянын НАТОго мүчөлүгү боюнча НАТО жана Түркия менен байланышта экендерин айтты.

Австриянын борбор шаары Венада жолугушууларды өткөргөн Орбан Швециянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Орбан : “Бул маселе боюнча НАТОнун баш катчысы (Йенс Столтенберг) жана Түркия менен үзгүлтүксүз байланыштабыз, бир нерсе кыла турган учурда  сүйлөшөбүз жана Венгрия чечимдерин кечиктирбейт”,- деди. 

Венгрия өкмөтүнүн Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу оң чечим чыгарганын жана бул өлкөгө колдоо көрсөткөнүн белгилеген Орбан, бул чечимдин парламенттен азырынча чыга электигин айтты.

Швеция НАТОго мүчө болуу үчүн 2022-жылдын 18-майында кайрылуу жасаган.

Түркия террорчуларды колдогону үчүн Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө вето коюда.

Комментарий жиберүү