Эрдоган: Украина НАТОго мүчө болууга татыктуу

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Владимир Зеленский менен болгон сүйлөшүүдөн кийин Украина НАТОго мүчө болууга татыктуу деп билдирди.

Эрдоган Зеленский менен кечээ, 7-июлда Стамбулдагы Вахдеттин сарайында жекеме-жеке жолугушту, сүйлөшүүлөр 2,5 сааттан ашык созулду.

Эрдоган Түркия Украинадагы жаңжалды сүйлөшүү жолу менен токтотуу аракетин улантарын билдирди.

Дан келишими

Түрк лидери ошондой эле, Украинадан дан экспорттоо келишимин узартууга аракеттер көрүлүлүп жатканын белгиледи. Азыркы келишимдин мөөнөтү 17-июлда аяктайт.

“Биз дан коридору боюнча аракеттерибизди улантабыз. Биз 17-июлдан кийин келишимди канчага узарта алабыз деп ойлоп жатабыз. Биз аны (келишим) жок дегенде үч айда бир жолу узартып, жалпысынан механизмди эки жылга узартууга үмүттөнөбүз. Биз бул маселени Путин менен телефон дипломатиясы аркылуу да, жекеме-жеке сүйлөшөбүз деп күтүп жатабыз”, – деди Эрдоган Зеленский менен сүйлөшүүдөн кийинки маалымат жыйында.

Түрк лидери Путиндин жакынкы айларда Түркияга сапарын күтөрүн айтты. Кийинчерээк Эрдоган орус президенти менен жеке жолугушуу «жакынкы эки айда» болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Москва Эрдоган менен Зеленскийдин сүйлөшүүлөрүнө кылдат көз салат 

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Москва Эрдогандын Зеленскийдин сүйлөшүүлөрүн кылдаттык менен байкоодо, Кремлге эмнелер талкууланарын билүү кызык деген.

Песков буга чейин Кремль Зеленскийдин Украинанын НАТОго кирүү өтүнүчүн жана ага ар кандай реакцияларды укканын белгилеген. Анын айтымында, Москва кырдаалга кылдат көз салып турат жана Россиянын Украинадагы атайын операциясын баштоого Киевдин альянска багыт алганы себеп болгонун эстейт.

5-июлда Песков Россия дан келишими боюнча чечимин өз убагында жарыялай турганын билдирген. Ошол эле учурда ал келишимдердин Москвага тиешелүү бөлүгү аткарыла электигин эске салып, ошондуктан учурда келишимди узартууга негиз жок экенин айткан.

Комментарий жиберүү