Эксперт: Ирандын ШКУга кириши Жакынкы Чыгыштан тарта Борбор Азияга чейин туруктуулукту камсыздайт

Ирандын ШКУга кошулушу Жакынкы Чыгыштан тарта Борбордук Азияга чейинки ири мейкиндикте геосаясий кадамдарды шарттайт.

Бул туурасында жана Ирандын уюмга мүчө болушу геосаясий масштабда кандай мааниге ээ экенин жана Кыргызстанга кандай таасир этерин саясат таануучу Марс Сариев Sputnik агенттигине айтып берди.

4-июль күнү Нью-Делиде ШКУнун 23-саммити өтүп, натыйжада Иран уюмдун толук кандуу мүчөсү болуп калды. Өлкөнүн президенти Ибрахим Раиси республиканын уюмга кириши анын коопсуздугун, суверенитетин бекемдөөгө жана экономикасынын туруктуу өнүгүүсүнө шарт түзөрүн белгиледи.

“Айрым глобалдуу күчтөр, башкача айтканда, Ирандын контрөнөктөштөрү Орто Чыгышта согуш чыгарып, ИИР менен Түркияны кагыштырууга далалат жасашты. Түркиянын кырдаалды түшүнө билиши жана сабырдуулугу буга жол берген жок. Андан соң америкалыктар көзөмөлдөгөн талаа командирлери аркылуу суу талашынан дешип иран-афган чырын чыгарууга аракеттеништи. Эки өлкөнүн бийлиги да акылмандыгын көрсөтүп, Жакынкы Чыгышта согуштун чыгып кетүүсүн алдын ала алышты”, — деди Сариев.

Саясат таануучу региондо абал акырындап өзгөрүп жатканын белгиледи.

“Кытай менен Россиянын ойлонулган аракети менен катуу касташып келген Сауд Арабиясы менен Ирандын мамилеси оңолду. Йемендеги кырдаал да жөнгө салынып келе жатат, Иран менен Сауд Арабиясынан Кытайды көздөй Араб деңизиндеги Баб-эль-Мандеб куймасынан кеткен нефть жолу буулбай турган болду. Демек, Ирандын ШКУга кириши Жакынкы Чыгыштан тарта Борбор Азияга чейин туруктуулукту камсыздайт. Кызыгы, өлкө уюмга 4-июлда, АКШ эгемендүүлүгүн белгилеп жаткан маалда кабыл алынды. Батышка “белек” болду”, — деди эксперт.

Анын айтымында, геосаясий өзгөрүүлөр экономиканын өнүгүшүнө чоң түрткү болот.

“Кыргызстан муну Кытай — КР — Өзбекстан темир жолунун долбоору аркылуу сезе алат. Бул жол менен Түркия эле эмес, Ирандын Бендер-Аббас портуна чыгууга мүмкүнчүлүк ачылат. Келечекте Евразия континентиндеги бардык өлкөлөр менен соода жүргүзө алабыз. Мындан улам Ирандын ШКУга мүчө болушу “Улуу Евразиянын” куруларын айгинелеп жатканын айтууга болот. Бүгүнкү күндө Кытай, Россия, Индия, эми Иран кошулуп “долбоордук режимде” жашап, Батыштын таасиринен оолактап өз геосаясий системасын түзүүдө”, — деп түшүндүрдү Сариев.

Комментарий жиберүү