АКШ Украинага кассеталык ок-дарыларды берет

АКШ Украинага кассеталык ок-дарыларды бере турганын АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Ак үйдөгү брифингде билдирди.

Жума күнү АКШ жаңы аскердик жардам пакетин жарыялады, ага биринчи жолу эл аралык конвенция тарабынан тыюу салынган кассеталык ок-дарылар – 155 мм DPICM артиллериялык снаряддары кирди.

Администрациянын өкүлү мындай снаряддарды республиканын аймагында колдонуу жай тургундар үчүн коркунучтуу экенин моюнга алды. Ушундан улам АКШ аларды өткөрүп берүү чечимин кечеңдеткен.

Дүйнөдө кассеталык ок-дарыларды колдонууга тыюу салуу конвенциясы 2010-жылдан бери күчүнө кирген. Аны 123 мамлекет ратификациялаган, бирок ага Украина да, АКШ да кошулган эмес.

Россиянын билдирүүсү

РФ Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова өзүнүн Telegram-каналында АКШнын Украинага кассеталык ок-дарыларды өткөрүп берүүсүнө комментарий берип жатып, Ак үйдүн мурдагы басма сөз катчысы Жен Псакинин 2022-жылы кассеталык бомбаларды колдонууну согуш кылмышы деп атаганын эске салды.

Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысы Леонид Слуцкийдин (ЛДПР) айтымында, АКШ президенти Жо Байдендин Украинага кассеталык бомбаларды жеткирүү чечимин геноцидге түз жол деп атады.

Мамлекеттик Думанын Крым регионунан депутаты Михаил Шеремет АКШнын Украинага кассеталык бомбаларды берүү чечимин адамгерчиликсиз деп атап, америкалыктар “славян дүйнөсүн жок кылуу” боюнча умтулуусу үчүн жооп берерин айтты.

АКШдагы жана дүйнөдөгү сын-пикирлер

АКШнын президенттигине талапкер кенже Роберт-Кеннеди кассеталык бомбалардын Украинага берилишине каршы экенин жана АКШ администрациясынын чечимин жаңжалды курчутуу багытындагы «ойлонбогон» багыттын уландысы катары баалаганын анын басма сөз кызматы РИА Новостиге билдирди.

Америкалык демократтар Патрик Лихи менен Жефф Меркли АКШнын Украинага кассеталык бомба берүү чечимин олуттуу ката деп аташканы, алардын Washington Post гезитинде жарыяланган макаласында айтылат. 

Мындай куралдын түрүнө тыюу салууну көздөгөн кассеталык бомбалар коалициясы АКШнын Украинага кассеталык бомба берүү чечимине таң калганын билдирди. Уюмдун билдирүүсүндө кассеталык бомбаларды колдонуу Украинанын жарылуучу заттын калдыктары жана миналар менен массалык түрдө булганышын күчөтөрү белгиленет.

Буга чейин Германия Украинага кассеталык ок-дары жөнөтүүгө каршы экенин өлкөнүн тышкы иштер министри Анналена Бербюк билдирген. Коргоо министри Борис Писториус Берлин кассеталык ок-дары жөнөтпөсүн айткан.

Комментарий жиберүү