БУУ Судан тууралуу маалымат берди

Бириккен Улуттар Уюму Судандагы кагылышуулар башталгандан бери 2,8 миллион кишинин жер которгондугун билдирди.

Бириккен Улуттар Уюму Судандагы кагылышуулар башталгандан бери 2,8 миллион кишинин жер которгондугун билдирди.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо бюросу (OCHA) Суданда кагылышуу башталган 15 – апрелден бери чогулткан маалыматтарды жарыялады.

Жазуу түрүндөгү билдирүүдө Суданда акыркы 11 аптада 15 гуманитардык жардамчынын каза болгону белгиленди.

Суданда 2 миллион 800 миң кишинин жер которууга аргасыз болгонуна көңүл бурулган билдирүүдө 2 миллион 200 миң кишинин өлкө ичинде жер которгондугу, 615 миң кишинин коңшу өлкөлөргө көчкөндүгү маалымдалды.

Билдирүүдө бардык кыйынчылыктарга карабастан, 2,5 миллиондон ашуун кишиге куткаруучу жардамдардын жеткирилгендиги билдирилди.

Судандагы кагылышууларда каза болгондордун саны 1133кө жеткени, 11 миң 796 кишинин жараланганы белгиленди.

БУУ ошондой эле өлкөдө уланып жаткан кагылышууларда жер которгон качкын аялдар менен кыздарга карата сексуалдык зомбулукту да айыптады.

БУУнун Гуманитардык маселелерди координациялоо бюросу (OCHA), БУУнун Адам укуктары боюнча бюросу, БУУнун Качкындар боюнча агенттиги (UNHCR), БУУнун Балдар Фонду (ЮНИСЕФ), БУУнун Калк Фонду (UNFPA), БУУнун Аялдар жана Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунан согуш тактикасы катары колдонулган сексуалдык зомбулукту токтотууга чакырды.

Судан армиясы мурда колдогон, бирок көз карандысыз жана параллелдүү армия катары аракет кылганы үчүн коркунуч катары кабыл алган Ыкчам колдоо күчтөрүнүн 2 жылдын ичинде толук түрдө армияга интеграцияланышын каалаган. Ыкчам колдоо күчтөрүнүн  жарандык бир өкмөт курулгандан кийин  10 жылга жакын процессте муну кабыл алышы мүмкүн экендигин айтуусу менен башталган  оозеки тирешүү 15 –  апрель күнү эрте менен тараптардын арасында борбор шаар Хартум жана түрдүү шаарларда куралдуу кагылышууга айланды.

Армиянын командири, генерал Абдулфеттах ел  – Бурхан жана Ыкчам колдоо күчүнүн командири Мухаммед Хамдан Дагалу Курман айт майрамынын бирин күнү үчүн ок атышпоо жарыялаган.

Комментарий жиберүү