Украина менен Орусия Запорожье АЭС боюнча бири-бирин күнөөлөп жатат

Украинанын президенти Зеленский Орусия АЭСке коркунучтуу провокацияга даярданууда экенин айтса, Орусия Киев Запорожье АЭСине кол салууну пландап жатат деп божомолдоду.

Украинанын президенти Зеленский Орусия Запорожье атомдук электр станциясына карата кооптуу провокацияга даярданып жатканын билдирди. Анын ырасташынча, орус аскерлери АЭСтин айрым энергоблокторуна жардыргыч затка окшош нерселерди коюшкан. Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги да АЭСте ыктымал жарылуу болгон учурда эмне кылуу керектиги боюнча сунуштарын берди.

Орусиядан тескерисинче Украинага каршы айыптоо келди.

Орусиянын «Росэнергоатом» атомдук энергетикалык компаниясынын башкы кеңешчиси Ренат Карчаа Киев Запорожье АЭСине кол салууну пландап жатат деп божомолдоду.

Орусиянын президенти Владимир Путин болсо Шанхай Кызматташтык Уюмунун онлайн жыйынына катышты. Глобалдык кагылышуу потенциалынын жогорулаганын белгилеген Путин уюмдун милдеттеринин бири да коопсуздукка колдоо көрсөтүү экенин белгиледи. Орусиянын санкцияларга жана провокацияларга каршы тураарын билдирген Путин эки тараптуу соодада жергиликтүү акчаларга өтүү чакырыгын дагы бир жолу кайталады.

Комментарий жиберүү