Суроо: Рамазан айынын пазилети эмне?
ЖООП: Бул маселеде Имам Раббани хазреттери мындай дейт:
Касиеттүү Рамазан айы өтө кадырлуу. Бул айда окулган нафил намазга, зикирге, садака жана бардык нафил ибадаттарга берилген сооп башка айларда кылынган парздар сыяктуу. Бул айда орундалган бир парз башка айларда орундалган жетимиш парз сыяктуу. Бул айда бир орозолууга ифтар берген адамдын күнөөлөрү кечирилет. Тозоктон азат болот. Ал орозолуунун сообундай ага да өзүнчө сооп берилет. Ал орозолуунун сообу эч кемибейт.
Бул айда кол астындагылардын иштерин жеңилдеткен, алардын ибадат кылууларына жеңилдик берген башчылар да кечирилет, тозоктон азат болушат. Ыйык Рамазан айында Расулуллах туткундарды азат кылып, суралган ар нерсени берчү. Бул айда ибадат жана жакшы иштерди кыла алгандарга жыл бою бул иштерди кылуу насип болот. Бул айга урматсыздык кылган, күнөө кылган адамдын болсо бүткүл жылы күнөө кылуу менен өтөт.
Бул айды мүмкүнчүлүк деп билүү керек, колдон келишинче ибадат кылуу керек. Аллаху таала ыраазы болгон иштерди кылуу керек. Бул айды акыретти табуу үчүн мүмкүнчүлүк деп билүү керек.
Курани карим Рамазанда түштү. Кадыр түнү бул айда. Рамазан шарифте ифтарды эртерээк кылуу, соорду кечирээк кылуу сүннөт. Расулуллах бул эки сүннөттү кылууга көп маани берчү.
Ифтарда шашылуу жана соорду кечиктирүү балким адамдын алсыздыгын, жеп-ичүүгө жана ошентип бардык нерсеге муктаж экенин көрсөтүүдө. Ибадат кылуу дегендик ансыз да ушуну билдирет.
Хурма менен ифтар кылуу сүннөт. Ифтар кылганда “Захабаз-замаъ вабталлат-ил урук ва сабат-ал-ажр иншааллаху таала” дубасын окуу, таравих окуу жана хатим окуу маанилүү сүннөт.
Бул айда ар түнү тозокко түшүүсү керек болгон миңдеген мусулмандар кечирилип, азат кылынат. Бул айда Бейиштин эшиктери ачылат. Тозоктун эшиктери жабылат. Шайтандар чынжырлар менен байланат. Ырайым эшиктери ачылат. Аллаху таала бул ыйык айда Анын аброюна жарашкан кулчулук кылууну жана Раббибиз ыраазы болгон, жактырган жолдо болуубузду баарыбызга насип кылсын! Оомин. (Мектубат, 1-том, 45-кат)
Ашкере орозо кармабаган адам бул айды сыйлабаган болот. Намаз окубаган адамдын да орозо кармоосу жана арамдардан сактануусу керек. Алардын орозолору кабыл болот жана ыймандары бар экендиги белгилүү болот.
Ыйык Рамазан айында орозо кармоо абдан сооптуу. Кечиримдүү себепсиз орозо кармабоо чоң күнөө. Хадиси шарифте: “Кечиримдүү себепсиз бир күн орозо кармабаган адам анын ордуна жыл бою орозо кармаса, Рамазандагы ошол бир күндүк соопко жете албайт”, – деп айтылган. [Тирмизи] (Бирок, орозону казага калтырууну мубах кылган диний бир себеп бар болсо, анда Рамазан орозосун казага калтыруу күнөө болбойт.)
Рамазанда орозо кармоо тууралуу хадистердин кээ бирлери төмөнкүдөй:
“Рамазан айы мубарек ай. Аллаху таала силерге Рамазан орозосун парз кылды. Ал айда ырайым эшиктери ачылат, тозоктун эшиктери жабылат, шайтандар байланат. Ал айда ушундай бир түн бар болуп, миң айдан да баалуураак. Ал түндүн [Кадыр түндүн] жакшылыгынан куру калган адам бардык жакшылыктан куру калган болуп саналат.” [Насаи]
“Рамазан айында орозо кармоону парз деп билип, сообун да Аллаху тааладан күтүп орозо кармаган адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [Бухари]
“Рамазан айы келгенде: “Эй жакшылык ээси, жакшылыкка жүгүр! Жамандык ээси, сен да жамандыктан колуңду тарт”, – деп айтылат.” [Насаи]
“Рамазан – береке айы. Аллаху таала бул айда күнөөлөрдү кечирип, дубаларды кабыл кылат. Бул айдын акысын сактагыла! Тозокко кире турган адам гана бул айда ырайымдан куру калат.” [Табарани]
“Ыйык Рамазан айы келгенде Аллаху таала периштелерге момундарга истигфар кылууларын буюрат.” [Дайлами]
“Парз намазы кийинки намазга чейин, Жума кийинки Жумага чейин, Рамазан айы кийинки Рамазанга чейинки күнөөлөргө каффарат болот.” [Табарани]
“Катары менен үч күн орозо кармай алган адам Рамазанда орозо кармашы керек.” [Абу Нуайм]
“Рамазан орозосу парз, таравих сүннөт. Бул айда орозо кармап, түндөрүн да ибадат менен өткөргөн адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [Насаи]
“Бул айдын Рамазан деп аталышынын себеби – күнөөлөрдү күйгүзүп, эритүүсү.” [И. Мансур]
“Рамазан айында үй-бүлөңөрдүн нафакасын кең кылгыла! Бул айдагы сарптоо Аллах жолунда сарптоо сыяктуу сооптуу.” [Ибни Абиддуния]
“Рамазан айынын башталышы ырайым, ортосу кечирим, аягы тозоктон кутулуу.” [И. Абиддуния]
“Ислам – шахадат келимесин айтуу, намаз окуу, зекет берүү, Рамазан орозосун кармоо жана ажылык кылуу.” [Муслим]
“Бейиштеги керемет ак сарайлар сөзү жагымдуу, саламы көп, тамак сунган, орозону уланткан жана түнкү намазды окуган адамдарга берилет.” [Ибни Наср]
“Орозо кармаган момундун унчукпаганы теспе, уйкусу ибадат, дубасы кабыл жана амалынын сообу да көп.” [Дайлеми]
“Өзгөчө орозо кармап турганда жагымсыз, жаман сөздөрдү айтпагыла! Кимдир бирөө силерге тийишсе, ага “Мен орозомун” деп айткыла!” [Бухари]
“Чыныгы орозо – жеп-ичүүдөн гана эмес, куру жана уятсыз сөздөрдөн да тыйылуу менен кармалган орозо.” [Хаким]
“Аллаху тааланын көз көрбөгөн, кулак укпаган, эч ким элестете албаган немат толо дасторконуна орозо кармагандар гана отурушат.” [Табарани]
“Аллах жолунда бир күн орозо кармаган адамды Аллаху таала тозоктон жетимиш жылдык аралыкка алыстатат.” [Бухари]
“Тазалык ыймандын жарымы, орозо сабырдын жарымы.” [Муслим]
“Орозо кармап каза болгон адамга кыяматка чейин орозо кармагандай сооп жазылат.” [Дайлеми]
“Орозо кармап өлгөн адам Бейишке кирет.” [Беззар]
“Орозо кармаган, намаз окуган адам сыйлыгын кыяматта акылына жараша алат.” [Хатиб]
“Орозо кумарды басат.” [И. Ахмед]
Касиеттүү убактарда күнөөлөрдөн кылдаттык менен сактануу керек, алыс болуп, тааттарды, ибадаттарды жана ар кандай жакшылыктарды көбөйтүү керек. Себеби, Аллаху таала жакшы көргөн адам пазилеттүү убактарда пазилеттүү амалдар менен алек болот. Жаман көргөн пенде болсо пазилеттүү убакыттарда жаман иштер менен алек болот. Жаман иштер менен алек болгон адамдын бул иши азабынын катуураак болушуна жана Аллаху тааланын аны көбүрөөк жек көрүүсүнө себеп болот. Анткени, ал ушундай кылуу менен убакыттын берекесинен куру калган болуп, анын урмат жана кадыр-баркын тебелеген болот. (Мевъиза-и хасана)
Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын түшү
“Түшүмдө таң каларлык нерселерди көрдүм. Үммөттөрүмдүн бирин азап периштелери кармап алган эле. Алган даараттары келип, аны кабылган оор абалдан куткарды. Бирөөнү көрдүм, кабыры аны кысып жаткан эле. Окуган намаздары келип, аны кабыр азабынан куткарды. Бирөөнүн башына шайтандар балаа болуп жаткан эле. Чалган зикирлери келип, шайтандан аны куткарды. Бирөөнүн да суусуздуктан тили чыккан эле. Кармаган Рамазан орозосу келип, суусуздугун кетирди.
Бирөөнү караңгылык курчап алган эле. Кылган ажылыгы келип, аны караңгылыктан алып чыкты. Бирөөгө өлүм периштеси келген эле. Эне-атасына кылган жакшылыктар келип өлүмүнө тоскоол болду, кечиктирди. Бирөөнү мусулмандар менен сүйлөштүрбөй жатышкан эле. Сыла-и рахим келип ага шапаат кылды, алар менен сүйлөштү. Пайгамбарына баргысы келген бирөөгө тоскоол болуп жатышты. Алган гусул аны алып мага алып келди. Оттон сактангысы келген бир адамга берген садака келип отко парда болду. Бир адамды забанийлер алып, тозокко алып баратканда анын кылган амри маруфу менен нахйи мункары келип куткарды. Бирөө тозокко ыргытылган эле. Аллахтан коркуп төккөн көз жаш келип аны ал жерден куткарды.
Бирөөгө амал дептери сол тарабынан берилип жатканда Аллахтан коркуусу келип дептерин оң жагына алды. Сооптору жеңил баскан бирөөгө өзүнөн мурда каза болгон балдары келип сообун оор кылды. Тозоктун четинде коркконунан титиреп турган адамга Аллаху таала жөнүндө кылган хусни заны келгенде анын титирөөсү токтоду. Сыраттан араң өткөн бирөө Бейишке келди. Бирок, эшиктер жабык болчу. Калима-и шахадаты келип аны Бейишке киргизди.” [Табарани, Хаким-и Тирмизи]