Бишкекте Ирандын маданият күндөрү өтөт

13-марттан 16-мартка чейин Бишкекте Ирандын маданият күндөрү өтөт.

Иш-чаранын расмий ачылышы 13-март, саат 11: 00дө Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр сүрөт музейинде болот.

Маданият күндөрүнүн алкагында Ирандын каллиграфия, миниатюра, сырдалган эмаль, торевтика жана маркетри сыяктуу искусство түрлөрү менен таанышууга болот.

Иш чаранын алкагында көргөзмө жана мастер-класстар өткөрүлүп, келген коноктор перс каллиграфиясынын дээрлик бардык кол жазмаларын (куфи, насх, сулс, наста’лик, шекасте ж.б.) жана сефевид жана кажар стилинде жазылган миниатюраларды көрө алышат.

Мындан тышкары, Исфахандагы минакари мектебинин (сырдалган эмаль) жана каламзани (торевтика) заманбап чеберлеринин бири эслими жана хатай ыкмаларындагы эмгектерин көрсөтөт. Ал эми түсү жана текстурасы боюнча ар түрдүү болгон тыт, акация, эмен, терек жана башка жыгачтардын фигуралык пластинкаларынан мозаика түрүндө жасалган маркетисттин эмгектери коноктордун эсинде көпкө сакталат.

Иран искусствосуно кызыккандарга мастер-класстарды:

  • Ахмад Араб-Рахими – (жыгач оюу, маркетри);
  • Хосейн Саржукиян – (металл жана эмаль боюнча);
  • Рухолла Джаханбин (сүрөт, миниатюра);
  • Сабер Сафай  (каллиграфия) өтүшөт.

Катышуучуларга керектүү шаймандар жана материалдар берилет.

Мастер-класстардын убактысы Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы маданий өкүлчүлүгүнүн соцтармактардагы расмий баракчаларына жарыяланат.

Кирүү акысыз.

Комментарий жиберүү