Эрдоган саясий карьерасын жыйынтыктарын кыйытты

Түркияда марттын аягында боло турган муниципалдык шайлоо өлкөнүн азыркы президенти Режеп Тайып Эрдоган үчүн акыркысы болуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу ал TUGVA жаштар уюмунун жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

“Мен үчүн бул финал. Бул шайлоо мыйзам чегиндеги ыйгарым укуктарыма ылайык акыркы шайлоо болуп саналат. Анын жыйынтыгында (иштерди – ред.) менден кийин келчүлөргө өткөрүп берем”, – деген ал.

Түрк лидери мамлекет башчылыгынан кеткен менен өзүнүн консервативдик “Адилеттик жана өнүгүү” партиясы бийликте кала берерине ишенерин билдирди.

Эрдогандын президенттик мөөнөтү 2028-жылы аяктайт. Бийликтен кетүү тууралуу кыйыткандан кийин, анын ордуна Түркиянын президенти болуп ким келиши мүмкүн деген суроолор жаралды.

Эске сала кетсек, 70 жаштагы Түркиянын азыркы президенти Режеп Тайып Эрдоган Түркияда 20 жылдан ашуун бийликте турат. Тактап айтканда, 2003-жылы алгач премьер-министр, 2014-жылы президент болуп шайланган. 2018-жылы ал бул кызматка кайра шайланган. Ал эми 2023-жылкы президенттик шайлоодо экинчи турга чыгып, бирок оппозициянын бирдиктүү талапкери Кемал Кылычдароглун жеңип чыккан. Азыркы мамлекет башчынын ыйгарым укуктары 2028-жылы аяктайт.

Комментарий жиберүү