Россия Чыгышка бурулуу үчүн эмне жасады жана келечекте дагы кандай кадамдарга барат?

Эсеп жүз миллиард доллар: “Чыгышка бурулуу  үчүн” Россия канча каражат жумшоодо?

Россия менен Кытайдын ортосундагы соода тездик менен өнүгүп, бул Батыш өлкөлөрү тарабынан киргизилген санкцияларга каршы турууга жардам берүүдө. Азыркы учурда Россия өлкөнүн чыгышындагы темир жолду модернизациялоого көп каражат  жумшап жаткандыгын  Bloomberg билдирди.

Россиянын президенти  Владимир Путин эки ири темир жол магистралы – Транссибирь жана Байкал-Амур темир жол магистралдарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча планын жарыялады.  2030-жылга карата алардан жылына 210 миллион тонна жүк ташылыш керек.  Эгер салыштыра турган болсок, 2023-жылы  бул магистарлдар боюнча 150 миллион тоннага жакын жүк ташылган.

Чыгышка алпара турган жалпы узундугу 17 миң километрди түзгөн бул магистралдар Чыгыш полигону катары да белгилүү. Ошол эле учурда батыш региондорду Тынч океан жана Кытай менен байланыштыруу аркылуу Россиянын тышкы соодасы үчүн турмуштук маанилүү канал болуп саналат.

Бирок көп убакыттан бери магистралдар логистикалык көйгөйлөргө туш болууда – анын ичинде татаал инфраструктура, вагондордун жетишсиздиги, жүктөөнүн кечигиши жана соодадагы тескери жагдайлар.  Бул алардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүнөн төмөн иштеп жаткандыгына алып келет.

Бул Россия туш келген инфраструктуралык көйгөйлөрдү баса белгилеп, “Чыгышка бурулуу” деп аталган санкциялардын терс кесепеттерин азайтууга жардам берет.

Бул багытка мурда артыкчылыктуу багыт катары көңүл бурулбай келсе, азыр баары өзгөрдү. Россия темир жол линияларынын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн чоң суммадагы каражатты жумшап, 2013-жылдагы 97,8 миллион тонна жүк өткөрүү быйылкы жылы 180 миллион тоннага жетери күтүлүүдө. Бирок азыркы талап трассалардын максималдуу мүмкүнчүлүктөрүнөн эки эсе жогору болууда.

Бир эле үстүбүздөнү жылы Россия Чыгыш полигонунун инфраструктурасын жакшыртууга 366 миллиард рубль бөлүүнү пландаштырууда. Путин жарыялаган кошумча инвестициялардын чоо-жайы мартта айтылары күтүлүүдө.

Бул иштер 2032-жылга чейин улантылышы мүмкүн жана 2,7 триллион рубль өлчөмүндө инвестиция керектелип, темир жол линияларынын өткөрүү мүмкүнчүлүгү жылына 255 миллион тоннага жетүүгө тийиш.

Бирок бул чаралар да жетишсиз болуп саналат. Анткени ар кандай эсептөөлөр боюнча долбоор соңуна чыккан учурда талап 550 миллион тоннадан ашыкка жетет.

Трассаларды модернизациялоо мындан ары улантылышы мүмкүн. Россия үчүн бул дүйнөлүк экономикадагы жана эл аралык соодадагы Азия-Тынч океан аймагынын ролун эске алганда артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

Комментарий жиберүү