“Талибан” CASA-1000 долбооруна кошулду

Дүйнөлүк банк CASA-1000 энергетикалык долбоорунун Ооганстандагы бөлүгүн колдоону калыбына келтирди. Бул тууралуу “Талибан” өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид “Х” (мурдагы “Твиттер”) социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.

“Дүйнөлүк банк эки жылдык тыныгуудан кийин CASA 1000 долбоорунун Ооганстандагы бөлүгүн колдоону калыбына келтирүүдө. Тиешелүү чечим өткөн жума күнү Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан өкмөттөрүнүн жана Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү катышкан Стамбулдагы жыйында кабыл алынды”, – деп жазды Мужахид.

Азырынча бул боюнча Тажикстандын бийлиги комментарий бере элек. Душанбе буга чейин “Талибан” кыймылы түзгөн Ооганстандагы өкмөттү тааныбай турганын бир нече жолу билдирген. Ошол эле маалда ал Ооганстанга электр энергиясын сатууну улантып келет.

CASA-1000 Кыргызстан менен Тажикстандан Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого багытталган долбоор. Анын алкагында Кыргызстандын ичинде электр тармактар комплекси модернизацияланып, жаңы көмөкчордондор жана жалпы узундугу 456 чакырымды түзгөн жогорку чыңалуудагы (500 кВ) электр өткөрүүчү линия курулат. Ал Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары аркылуу Тажикстандын чубалгыларына барып туташып, Тажикстандын линиясы андан ары Ооганстанга жана Пакистанга кетет.

CASA-1000 долбоору 2021-жылы августта Ооганстандагы бийликти “Талибан” кыймылы басып алгандан кийин убактылуу токтотулган. Анда Ооганстандын аймагындагы иштердин 18% аткарылып бүткөнү кабарланган. Дүйнөлүк банктын маалыматына ылайык, долбоорго катышып жаткан башка өлкөлөрдөгү курулуш иштери дээрлик аяктады.

 Маалымат иретинде:

CASA-1000 долбоору Борбордук жана Түштүк Азиянын – Кыргызстан жана Тажикстандын энергетикалык системаларын Афганистан жана Пакистан менен байланыштырууну көздөйт. Бул эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуунун механизмдерин иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк жаратат.

CASA-1000 долбоорунун келишимдер боюнча адиси Азим Молдокеримовдун билдирүүсү боюнча, Кыргызстанда бул долбоордун алкагында электр тирөөчтөрдүн 70 пайыздан ашыгы орнотулуп, зым тартуу иштеринин 30 пайызы бүткөрүлгөн.

Ошондой эле адис Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустары аркылуу өткөн 500 киловольттуу жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларынын узундугу 456 чакырымды түзүп, жалпысынан 1 243 электр тирөөч куруларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, CASA-1000 эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясы менен соода жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгууга багытталган.

Долбоордун алкагында электр тармактарындагы комплекстер модернизацияланып, жаңы подстанциялар жана жогорку чыңалуудагы электр линиялары курулат. Бул Кыргызстан менен Тажикстанга жайында ашыкча электр энергиясын Пакистан менен Афганстанга экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.

«CASA-1000» долбооруна катышып жаткан өлкөлөр жалпысынан 1,4 миң чакырым электр зымдарын тартып, Тажикстан менен Пакистанда конвертордук подстанцияларды курушу керек.

Расмий маалыматка ылайык, электр чубалгыларынын (ЛЭП) үчтөн бир бөлүгүнөн бир аз көбүрөөгү же 455 чакырымы Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт. Алардын көпчүлүгү Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын калкы аз райондорунун аймактарын кесип өтөт.

Долбоордун жалпы наркы 1,1 миллиард доллар. Анын ичинен 200 миллион долларын Кыргызстан Дүйнөлүк банк, Ислам Өнүктүрүү банкы жана Европа инвестициялык банкынан алган насыялык каражат түзөт.

Кыргыз бийлиги долбоордон Кыргызстан жыл сайын электр энергиясын экспорттоодон 80 миллион долларга жакын киреше алаарын, 15 жылдын ичинде электр энергиясын экспорттоонун жалпы көлөмү 23,3 млрд кВт/саат болорун билдирип келет.

Комментарий жиберүү