Түркмөнстан Афганистанды Амударьянын боюнда жайгашкан мамлекеттердин кызыкчылыгын сактоого чакырды

Түркмөнстандын ТИМнин пресс-кызматы түркмөн чиновниктеринин Ашхабадка 4-6-март күндөрү афган товарларынын бизнес-форумуна катышуу үчүн келген Афганистандын делегация мүчөлөрү менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча пресс-релизди жарыялады. 

Иш сапардын жүрүшүндө өнөржай жана соода министринин милдетин аткаруучу Алхаджом Азизи жетектеген делегация Түркмөнстандын ТИМинде сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Маалыматта айтылгандай, түркмөн тарап трансчегаралык дарыяларда жана көлдөрдө сууну жалпы кабыл алынган эл аралык нормага ылайык үнөмдүү пайдалануу маселесин көтөргөн.

Түркмөнстан төмөндөгүдөй талаптарды сунуштаган: 

• трансчегаралык дарыялардын заборуна суу ресурстарына реалдуу талапты эске алуу менен илимий-негизделген жана текшерилген позиция менен жакындаш керек;

• трансчегаралык дарыяларда гидротехникалык курулуштарды жүргүзүүдө жумушка бул объекттердин туура пайдаланылышын камсыз кыла турган жогорку квалификациялуу адистерди тартуу керек;

• трансчегаралык дарыялардын боюндагы баардык мамлекеттердин кызыкчылыгын эл аралык укуктун негизинде сактоо жана ынак кошуналык принциби боюнча суу ресурстарын башкаруу механизмдерин түзүү;

Түркмөнстандын ТИМи афган делегациясы менен жолугушуу достук жана конструктивдүү маанайда өткөндүгүн кошумчалады.

Белгилей кетүүчү жагдай, Борбор Азия өлкөлөрү Афганистан Амударьядан суу ала турган Кош-Тепа каналын кура баштагандан кийин суу маселесине тынчсыздана баштаган.

Кош-Тепа каналы – афган өкмөтүнүн мега- долбоору, анын курулушунун башталышы тууралуу 2022-жылы мартта айтылган.  Каналдын узундугу 285 километр, туурасы 100 метр жана баасы $684 миллион, талибдер чөлдүү аймактарга суу жетип, айыл чарбасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт деп эсептешет. Суу каналга Амударьядан алынат.

Экологдордун белгилөөсүндө,  авария жана төгүлгөн, жерге сиңгендерди эсепке албаганда да Кош-Тепа каналы Амударьянын жалпы агымынын 15-20%ын бөлүп алууга жөндөмдүү болот. Мындан тышкары Афганистан эбак эле өлкөнүн түндүк-батыш аймагындагы Түркмөнстан менен чектешкен Фарьябе провинциясында   «Дахандара» жана «Алмар»  эки гидроэлектростанциясын курууну билдирген, бул ансыз деле татаал суу тартыштыгын ого бетер күчөтүп жибериши мүмкүн.

Өзбекстандын президенти  Шавкат Мирзиёев Афганистандагы каналдын курулушу Борбор Азиядагы суу балансын кескин түрдө өзгөртүп жибериши мүмкүн экендигине кооптонуусун билдирген.

Ага жооп катары Талибан өкмөтүнүн Суу-энергетика министринин милдетин аткаруучу  Абдул-Латиф Мансур мындай деген: «Шавкат Мирзиёевдин Амударьядагы суусу жана Кош-Тепа каналы боюнча чочулоосу эгер келишим боюнча милдеттенмелер бузулса, негиздүү болмок. Бирок биз бул жагдай боюнча эч кандай  милдеттерди алган эмеспиз. Келишим жок. Ошондуктан эмнени керек деп эсептесек, ошону жасайбыз».

Өткөн жылы октябрда Кош-Тепада олуттуу авария болуп, анын натыйжасында суу каналдын дубалын тешип кетип, эбегейсиз суу жакын аймакка агып кеткен. Январда «Метеожурнал» басылмасы каналдан суу үч айдан бери сыртка агып жаткандыгын, ал эми жергиликтүү бийлик бул көрүнүшкө кайдыгер мамиле жасап жаткандыгын же суу тешип кеткен бөлүктү бүтөй албастыгын билдирген.

Комментарий жиберүү