Путин менен Раиси Ирандын БРИКСке келечекте мүчө болушун талкуулашты

   Россиянын президенти Владимир Путин Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен телефон аркылуу сүйлөштү, мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык маселелерде кызматташууну кеңейтүүнү талкуулашты, деп билдирди Кремлдин маалымат кызматы.

«Россия президенти Владимир Путин Иран Ислам Республикасынын президенти Ибрахим Раиси менен телефон аркылуу сүйлөштү… Эл аралык жана аймактык маселелерде кызматташууну кеңейтүү маселелери, анын ичинде Ирандын Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчө катары катышуусун, ошондой эле Тегерандын БРИКСтин ишмердүүлүгүнө кошулуу каалоосу талкууланды», — деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчылары орус-иран мамилелеринин жетишилген жогорку деңгээлине канааттангандыктарын билдиришти. Ошондой эле соода, энергетика, транспорт, логистика жана экологиялык тармактарда эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнү ырасташты.

Мындан тышкары Путин 13-августта Шираз шаарындагы мечитте болгон терактка байланыштуу Раисиге көңүл айтты. Мечитке болгон кол салууда эки адам каза болуп, сегизи жаракат алган.

Иран бийлиги 2022-жылдын июнь айында БРИКСке мүчө болуу үчүн арыз бергенин өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин ошол кездеги расмий өкүлү Саид Хатибзаде билдирген.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси «Ирандын геосаясий жана геоэкономикалык абалы аны БРИКС үчүн туруктуу жана ишенимдүү өнөктөш кыла алат» деген.

Мындан тышкары, Тегеран уюмга мүчө болгон өлкөлөргө жаңы рынокторго чыгуу жана энергия муктаждыктарын канааттандыруу үчүн өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн берүүгө даяр экенин билдирген.

Эске салсак, Иран ШКУда алгач байкоочу болгон, азыр толук кандуу мүчө, балким келечекте Ислам Республикасы да БРИКСке толук кандуу мүчө болуп калышы мүмкүн.

Буга чейин Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан Түштүк Африкада БРИКСке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышып, Иран башка кызыкдар өлкөлөр менен бирге келечекте БРИКСке ишенимдүү өнөктөш боло аларын билдирген.

Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Тегерандагы сапары учурунда Иран БРИКС менен кызматташууга күчтүү талапкер экенин, Москва республиканын тез арада уюмга толук кандуу мүчө катары киришине үмүттөнөрүн билдирген.

Комментарий жиберүү