Иран-Сауд Аравия алакасында «жаңы барак» ачылууда

 Иран менен Сауд Аравия узак жылдарга созулган тирешүүлөргө чекит коюп, Пекиндин ортомчулугу менен дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирип, борбор шаарларында элчиликтерин кайрадан ачышты.

17-августта Ирандын Тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиан саудиялык кесиптешинин чакыруусу менен падышалыкка делегацияны баштап барды.

Анын бул сапары өлкөлөр элдешкенден кийин падышачылыкка жасаган биринчи сапары болду.

Абдуллахиан 17-августта Эр-Риядда саудиялык кесиптеши Фейсал бин Фархан Аль Сауд менен жолугушту. Үч жарым саатка созулган сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу кызматташтык, аймактык жана эл аралык окуялар талкууланды.

Сауд министри Эр-Рияддын Тегеран менен эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө жана бекемдөөгө чечкиндүүлүгүн баса белгилеп, Иран президенти Ибрахим Раисинин Эр-Риядга сапарын күтүп жатышканын билдирди.

Министрлердин биргелешкен маалымат жыйынында Абдоллахиан Ирандын Сауд Аравия менен мамилеси «оң багытта баратканын» билдирди.

«Биз коопсуздук, соода-экономика жана башка кызыкчылык туудурган маселелер боюнча түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу боюнча макулдаштык», — деп кошумчалады ал.Өз кезегинде ханзаада Фейсал бин Фархан Аль Сауд болуп өткөн сүйлөшүүлөр Сауд Аравия менен Ирандын «бир туугандыкка, өз ара урматтоого жана жалпы кызыкчылыктарга негизделген эки тараптуу мамилелердин жаңы барагын» белгилей турганын белгиледи.

Андан соң 18-августта Ирандын тышкы иштер министри Жидда шаарында Сауд Аравиянын ханзадаасы, тактынын мураскери Мохаммад бин Салман менен жолугушту.Жолугушууга Ирандын Эр-Рияддагы жаңы элчиси Алиреза Энаяти да катышты.

Абдоллахиан Тегаранга кайтып баргандан кийин журналисттерге Сауд Аравиянын мураскор ханзаадасы менен сүйлөшүү 90 мүнөттөн ашык убакытка созулуп, ачык баарлашуу болгонун билдирди. Ал сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу маселеси дагы талкууланганын билдирди.

Анын айтымында, бин Салман Иран президентин Сауд Аравияга сапары менен келип кетүүгө чакырды. Раиси чакырууну кабыл алып, Эр-Риядка ылайыктуу убакытта сапары менен барарын билдирген.

Ирандын ТИМ башчысы ошондой эле Ирандын Эр-Рияддагы элчилигинде болуп, анын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды.

Комментарий жиберүү