Садыр Жапаров «Барселонанын» легендалары менен футбол ойнойт

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарында испаниялык «Барселона» клубунун легендалары менен жолдоштук беттеште ойнойт.

Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

«30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 19:00дө «Барселона» футболдук клубунун ардагерлери менен Орто Азиянын футбол ардагерлеринин ортосунда беттеш өтөт. Орто Азия командасынын курамында Мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров да ойнойт», — деп жазды Орунбеков.

Белгилей кетсек, «Барселонанын» жылдыздары Кыргызстанда үч күн, 28-августтан 30-августка чейин болот.  Белгилүү футболчулардын арасында Роналдиньо, Ривалдо, Карлес Пуйоль, Хавьер Педро Савиола бар.

Алар испаниялык клубдун Жалал-Абаддагы академиясынын расмий ачылыш аземине катышып, Бишкекте жолдоштук беттеш өткөрөт.

Комментарий жиберүү