Индияда нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 55ке жетти.
Нөшөрлөгөн жамгыр жана шамал өлкөнүн түндүгүндөгү Химачал – Прадеш штатына таасирин тийгизүүдө.
Гимачал – Прадештин премьер-министри Сухвиндер Сингх Сукунун маалымат каражаттарына билдиргенине караганда, штатта нөшөрлөгөн жамгырдан улам 55ке жакын адам каза болду.
Суху каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн тынчсызданып жатканын, издөө – куткаруу жана калыбына келтирүү иштери уланып жаткандыгын айтты.
Штаттын полициясы Бхакра дамбасында суунун көлөмү кыйла көбөйгөндүктөн дарыя жээгиндеги тургундарды сак болуу боюнча эскертти.
Химачал – Прадеш штатынын табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгы да штаттын жүздөгөн жолдору кыймылга жабылганын жарыялады.