Шойгу: “Африка менен аскердик кызматташтыкты өнүктүрөбүз”

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, Африка өлкөлөрүнүн өз коопсуздугуна келтирилген коркунучтарга өз алдынча жооп бере ала турган мүмкүнчүлүккө ээ болушу керектигин билдирип: «Орусиянын Коргоо министрлиги Африка өлкөлөрү менен аскердик жана аскердик-техникалык тармакта кызматташууну өнүктүрүүнү улантат»,- деди.

Шойгу Орусиянын Коргоо министрлиги уюштурган Москвадагы эл аралык коопсуздук конференциясында сөз сүйлөдү.

Африка өлкөлөрүнүн армияларынын дагы заманбап болушу керектигин баса белгилеген Шойгу: «Биз Африка өлкөлөрүнүн күчтүү, жакшы жабдылган, өз коопсуздугуна келтирилген кыйынчылыктарга жана коркутууларга өз алдынча жооп бере ала турган заманбап куралдуу күчтөрүнө ээ болушу керек деп эсептейбиз»,-деди.

Комментарий жиберүү