Дүйнөдө COVID-19 жуктурган учурлар кескин көбөйдү

Дүйнө жүзүндө 10-июлдан 6-августка чейин COVID-19 учурларынын саны мурунку 28 күнгө салыштырмалуу 80%га көбөйүп, каза болгондордун саны 57%га азайганы катталды.

Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюунун (ДССУ) ар жумалык эпидемиологиялык маалыматында айтылат.

“Дүйнө жүзү боюнча акыркы 28 күндүн ичинде (2023-жылдын 10-июлунан 6-августуна чейин) өткөн 28 күнгө салыштырмалуу COVID-19дун 1,5 миллионго жакын (80%га көбөйгөн) жаңы учуру жана 2500дөн ашуун (57%га азайган) өлүм катталды”, – деп айтылат документте.Уюмдун маалыматына караганда, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун беш чөлкөмү оорулардын жана өлүмдөрдүн саны азайганын маалымдаса, Тынч океандын батыш бөлүгү оору көбөйүп, өлүм азайгандыгын билдирген. Өлкөлөрдүн жана аймактардын 44%ы гана (234түн 103ү) бул мезгилде ооруну катташкан.Бул мезгил аралыгында өлкөлөрдүн жана аймактардын 44%ы гана (234түн 103ү) коронавирус жуктурган учурлар катталганын маалымдашкан.

2023-жылдын 6-августуна карата дүйнө жүзү боюнча 769 миллиондон ашык тастыкталган учур жана 6,9 миллиондон ашуун өлүм катталган.

Август айынын башында ДССУ COVID-19 EG.5тин “Эрис” деп аталган жаңы варианты дүйнө жүзү боюнча кеңири таралып жатканын, бирок ал азырынча ден-соолукка глобалдык коркунуч туудурбай турганын билдирген.

Комментарий жиберүү