Россия дээрлик жарым кылымдан кийин Айга алгачкы миссиясын жөнөттү. Видео

11-август күнү эртең менен Россиянын заманбап тарыхында алгачкы жолу Восточный космодромунан Айга миссия учурулду.

Аппарат бир нече күндөн кийин Айдын түштүк уюлуна конуп, топуракка анализ жүргүзүп, Ай бетиндеги узакка созула турган изилдөөсүн башташы керек.

“Луна-25” деп аталган аппараттын негизги максаты жумшак конуу технологиясын иштеп чыгуу болуп эсептелет. Ал жаратылыш ресурстарынын, анын ичинде суунун ички түзүлүшүн изилдеп, космикалык нурлар менен электромагниттик шооланын Ай бетине тийгизген таасирин изилдейт.

Дээрдик жарым кылым мурда “Луна 24” деп аталган советтик аппарат Жерге Айдан алынган топурактын үлгүсүн алып келген.

Анда аларды изилдеп чыккан совет окумуштуулары үлгүлөр Айдын бетинде суу бар экенин аныктоого жардам бергенин билдиришкен. Андан кийинки изилдөөлөр Айдын бетиндеги муз түрүндөгү суунун көлөмү Жерден барган алгачкы адамдардын керектөөсүнө жетиштүү болорун ырастаган. https://t.me/ruptlyalert/5942?embed=1

Комментарий жиберүү