Россия ТИМи: Батыштын Борбор Азияга санкция боюнча басымы аймактагы долбоорлорду ишке ашырууга коркунуч жаратат

 Евробиримдик менен АКШнын Борбор Азия өлкөлөрүнө антироссиялык санкция маселеси боюнча басым кылышы аймактагы долбоорлорду ишке ашырууга коркунуч жаратат.

Бул тууралуу Россия ТИМинин Экономикалык кызматташтык департаментинин директору Дмитрий Биричевский РИА Новостиге берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, акыркы убакта АКШ менен ЕБ Россиянын достору болгон Борбор Азиядагы көз карандысыз өлкөлөргө кысым көрсөтүүнү тездик мене күчөтүүдө.

“Аларды антироссиялык санкцияларга кошулууга жана биз менен соода-экономикалык кызматташуудан кол үзүүгө мажбурлоодо. Вашингтон менен Брюссель бул иштерин учурда Россияга каршы “чектөөлөр марафонунун” артыкчылыктуу багыты катары кароодо”, – деди Биричевский.

Ал АКШнын жана анын сателлиттеринин мындай аракеттери эки тараптуу мамилелерге одоно кийлигишүү болуп саналарын жана иш жүзүндө тышкы саясат жана экономикалык линиялар боюнча көз карандысыз саясат жүргүзүү укугун бузуп жатканын, Борбор Азиядагы өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга коркунуч жаратарын айтты.

Буга чейин Еврокеңештин башчысы Шарль Мишель Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрү менен антироссиялык санкцияларды сактоо маселеси боюнча диалог жүргүзүүнү каалап жатканын, бирок чектөөлөрдү айланып өтүүгө көмөк көрсөткөндөргө чара көрүүгө ниеттенип турганын айткан. Анын айтымында, санкциялар Россияга колдоо көрсөткөндөргө каршы багытталат, Евробиримдик муну россиялык коргонуу тармагына жардам катары баалайт. Ошол эле учурда ал Евробиримдик бул маселе боюнча диалогду артык көрөрүн жана экстерриториалдык чараларды колдонбой турганын ырастаган.ЕБ 2022-жылдын башынан бери Россияга каршы он санкция пакетин бекиткен жана учурда жаңы чектөө чараларын даярдап жатат.Россия бийлиги Батыштын санкциялык кысымына туруштук берерин бир нече жолу билдирген.

Комментарий жиберүү