Артемовск (украинча аты – Бахмут) шаары толук бошотулду. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлигинин соцтармактагы баракчасында айтылат.
“Вагнердин” чабуулчу отряддарынын аракетинин жыйынтыгында, “Түштүк” авиациялык жана артиллериялык топтордун колдоосу менен Артемовск шаарын бошотуу аягына чыкты”, – деп жарыялашты ведомстводон. https://t.me/mod_russia/26722?embed=1
Буга чейин 20-майдп ЧВК “Вагнердин” негиздөөчүсү Евгений Пригожин жоокерлерди Бахмутту толук алганын жар салган.
«2023-жылдын 20-майында, бүгүн саат 12де Бахмут толугу менен алынды», – деген ал.
Россиянын президенти Владимир Путин россиялык аскерлерди ДЭРдеги Артемовск шаарынын бошотулушу менен куттуктап, өзгөчө айырмалангандарга мамлекеттик сыйлык убада кылганын Кремлдин маалымат кызматы кабарлады.
Артемовск 1571-жылы негизделген. 1924-жылга чейин ал Бахмут деп аталып келген. Андан кийин «Жолдош Артем» деген партиялык каймана атка ээ болгон революционер Федор Сергеевдин урматына Артемовск деп аталып калган. 2015-жылы, 109 жылдан кийин, украин өкмөтү шаардын мурдагы аталышы “Бахмут” деп өзгөткөн.
Артемовск ДЭРдин түндүгүндө жайгашкан. Ал Донбасстагы украин топторун жабдуу үчүн маанилүү транспорттук түйүн болгон. Шаар үчүн салгылашуу 2022-жылдын 1-августунда башталып, 224 күнгө созулду.