Тажикстан Сириядан 104 жаранын жана Казакстандын 5 жаранын кайтарды

Тажикстандын Сириядагы элчилиги кабарлагандай, жалпысынан Душанбеге 31 аял жана эрезеге жете элек 73 бала жеткирилди. Бул аялдардын көбү Сирияга 2014-2016-жылдары күйөөлөрүнүн артынан барып, ИМ тобу алсырагандан кийин 2018-жылы качкындар лагерлерине жайгаштырылган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Сириядан алып келинген жарандардын баары атайын жайларга жеткирилип, реабилитациядан өткөрүлөрүн билдирди.

Эске салсак, өткөн жылы июлда Сириядан Душанбеге 146 тажикстандык аялдар менен балдар алып келинген.

Буга чейин тажик бийлиги Сириядагы качкындар лагерлеринде 500дөн ашык тажик тектүү аялдар жана балдар бар экенин кабарлаган.

Казак тараптын өтүнүчү менен ушул эле рейс менен Казакстандын беш жараны, бир аял жана төрт бала дагы Сириядан Тажикстанга жеткирилген. Алар Казакстанга өткөрүлүп берилет.

Комментарий жиберүү