Россия менен Иран өз ара эсептешүүлөрдү юань менен жүргүзүүнү талкуулап жатат

Россия менен Иран өз ара эсептешүүлөрдү юань менен жүргүзүүнү талкуулап жатат, деди Россиянын вице-премьер-министри Александр Новак.

Бул тууралуу РИА Новости жазды.

“Биз бул маселелерди кеңири талкууладык, биздин жана ирандык кесиптештер тараптан Финансы министрлиги жана Борбордук банк болду…Учурда биздин эсептешүүлөрдүн 80%га жакыны улуттук валютада, риал жана рубль менен жүргүзүлүүдө. Евро менен доллардын, башка валюталардын үлүшү 20%га жетпейт… Биз башка өлкөлөрдүн валютасын да карап жатабыз, анын ичи нде юанды да, бул дагы бир багыт… Биздин банктар ушул багытта иш алып барууда, – деди ал, улуттук валютада же үчүнчү өлкөлөрдүн валютасында эсептешүүлөр маселеси боюнча жакындашууга жетишүү мүмкүн болдубу деген суроого жооп берип жатып.

Санкциялардын фонунда Россия доллар менен эсептешүүдөн баш тартып, улуттук валюталарды көбүрөөк колдоно баштады. Апрель айынын аягында каржы министринин орун басары Алексей Моисеев конференциянын жүрүшүндө Россияда тышкы соода эсептешүүлөрүн доллар менен жүргүзүү жоголуп баратканы тууралуу маалымат берген.

Ал “рубль-евро” эсептешүүлөрү дагы эле сакталып турганын, бирок ал да “акырындап жок болорун” билдирген.

2022-жылдын июль айында Россия президенти Владимир Путин Россия менен Иран мамлекеттик эсептешүүлөрдө улуттук валюталарды колдонууну активдештирүү боюнча макулдашканын жарыялаган.

Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володиндин айтымында, ушул жылдын январь айында эле Россия менен Ирандын ортосундагы улуттук валютадагы эсептешүүлөрдүн үлүшү 60%дан ашкан. Ал каржы-банк тармагындагы кызматташуу өлкөлөр үчүн негизги багыттардын бирине айланышы керектигин кошумчалап, эсептешүүлөдө улуттук валютаны  активдүү колдонууга чакырган.

Володин 2022-жылдын аягында Россия менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик 15%га өсүп, 4,6 млрд долларды түзгөнүн кошумчалаган.

Комментарий жиберүү