Россиянын президенти Владимир Путин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Россия менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктү жана стратегиялык кызматташтыкты андан ары чыңдоо, ошондой эле жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Россиялык РБК маалымат агенттиги маалымдагандай, кол коюу аземи Пекиндеги Элдик жыйындар залында өттү.
РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун айтымында, бул — Россия менен Кытайдын көп пландуу эки тараптуу байланыштарын өнүктүрүүнүн негизги жолдору, эл аралык күн тартибиндеги маанилүү маселелер боюнча жалпы көз караштар жана дүйнөлүк иштердеги кызматташтыктын негизги форматтары аныкталган 47 беттен турган көлөмдүү программалык документ.6
Мындан тышкары, лидерлер Россия менен Кытайдын мамилелерин тереңдетүү тууралуу билдирүүгө жана көп уюлдуу дүйнөнү калыптандыруу боюнча декларацияга да кол коюшту.
Муну менен катар Россиянын транспорт министри Андрей Никитин жана “Росатомдун” башкы директору Алексей Лихачев кытайлык кесиптештери менен биргелешкен темир жол куруу боюнча келишимге, ошондой эле кадрдык потенциалды өнүктүрүү жаатындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Буга чейин Путин тар курмада өткөн орус-кытай сүйлөшүүлөрүн мазмундуу деп мүнөздөгөн. Анын айтымында, диалог ишенимдүү маанайда өттү.
Си Цзиньпин Россиянын лидери менен жолугушуусунда РФ менен КЭРдин ортосундагы мамилелер “саясий өз ара ишенимдин жана стратегиялык өз ара аракеттенүүнүн, ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүдөгү демилгечилдиктин жана эл аралык адилеттүүлүктү колдоодогу кайраттуулуктун жана туруктуулуктун” тереңдешинин аркасында жогорку деңгээлге жеткенин баса белгиледи.
Путин эки күндүк расмий сапары менен Пекинге 19-май күнү кечинде келген. Сапар Россия менен Кытайдын коңшулук, достук жана кызматташтык тууралуу келишиминин 25 жылдыгына карата уюштурулду.