Россия Ооганстанда жумуш орундарын түзүп, атайын долбоорлорго инвестиция салууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Ооганстандагы “Россия ишкердик борборунун” жетекчиси Рустам Хабибуллин билдирди.
«Бул ошол эле заводдор, фабрикалар, айыл чарбасы, анын ичинде Кош-тепа суу каналынын курулушу чоң кызыгууну жаратат. Биздин бир катар ишканалар ушул каналдын жанынан айыл чарба багытындагы жер тилкелерин узак мөөнөткө ижарага берүүнү уюштуруп жатышат», – деди ал.
Хабибуллин РИА Новости менен болгон маегинде Россия бул өлкөдөгү гуманитардык иш-чараларга да активдүү катыша баштаганын кошумчалады.
2023-жылы Мусулман патриоттук кайрымдуулук фонду Ооганстандагы муктаж адамдарга 250 миңден ашык куту дары-дармек таратканын эске салды.
«Биз бул жакта жумуш орундарын өнүктүрүүнү жана россиялык инвесторлорду ооган долбоорлоруна тартууну көздөп жатабыз», – деди Хабибуллин.
Эске салсак, Кош-тепа каналынын курулушу тууралуу 2023-жылдын март айында белгилүү болгон. План боюнча анын узундугу 285 км, туурасы 100 м болушу керек.
Долбоор 5 жылга эсептелген жана ал аяктагандан кийин Ооганстан суунун кеминде 1/3 бөлүгүн Амударыядан алат. Талибандын билдиргенине караганда, бул канал Ооганстандын түндүгүндөгү үч районду суу менен камсыз кылат. Жалпысынан каналга 60 миллиард афган (дээрлик 667 миллион доллар) сарптоо пландалууда.