Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Самарканд шаарында Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту.
Жолугушуу жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус эки тараптуу өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу байланыштарды өнүктүрүүнүн абалын жана келечегин талкуулашты.
Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында да жогорку динамикасы менен өзгөчөлөнөрүн белгиледи.
Ал Россия салттуу түрдө Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин, үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында өз ара соода алакалар өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе өскөнүн баса белгиледи.
«Инвестициялык долбоорлор, анын ичинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ийгиликтүү жылып жатат. Бүгүнкү күндө Фонд 440 миллион долларга жакын 3200дөн ашык долбоорду жактырды», – деди өлкө башчысы.
Ошондой эле, кыргыз-орус кызматташтыгынын дагы бир приоритеттүү багыты гуманитардык тармак экенин белгилеп, Кыргызстандын аймагында орус тилинде окутуулар менен жалпы билим берүүчү мектептердин курулушунун башталышы күтүлүп жатканын кошумчалады,
Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу кыргыз-орус көп кырдуу кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого жана эки тараптуу күн тартибинде турган маселелерди иш жүзүндө ишке ашырууга көмөктөшөөрүнө ишеним артарын билдирди.
Ал эми өз кезегинде Владимир Путин Россия менен Кыргызстан жакын өлкөлөр, стратегиялык өнөктөштөр жана бир катар регионалдык уюмдардын алкагында биргелешип иш алып барган союздаштар экенин белгиледи.
«Россия Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөшү бойдон калууда. Өткөн жылы товар жүгүртүүнүн өсүшү байкаларлык болсо, быйыл көлөмү өсүүдө жана абдан жакшы темпте. Өткөн жылы ал 46,6% өскөн. Бул абдан жакшы көрсөткүч», – деди ал.
Путин орус тарап Кыргызстанга экономикалык колдоо көрсөтүүнү улантып жатканын жана өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктарды жоюу жаатында техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.
Ал ушул жылдын июлунда Россиянын өкмөтүнүн Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана тик учак техникаларын жеткирүү боюнча токтомуна кол коюлганын, бул максаттарга орус бюджетинен дээрлик 1,5 миллиард рубль бөлүнгөнүн билдирди.
Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө көңүл буруу зарыл экенин белгиледи.
Сүйлөшүүнүн соңунда мамлекет башчылары биргелешкен күн тартибин мазмундуу толтуруу үчүн ар кандай багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин билдиришти.