Өзбекстан менен Иран кызматташуу боюнча 18 документке кол коюшту

Жогорку деңгээлдеги өзбек-иран сүйлөшүүлөрү жемиштүү жана конструктивдүү маанайда өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында кызматташуунун түрдүү тармактарын камтыган 18 документке кол коюлду.

Бул тууралуу өзбек президентинин маалымат кызматы билдирди.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Иран Ислам Республикасынын президенти Ибрахим Раиси биргелешкен билдирүүгө кол коюшту, анда негизги макулдашуулар бекитилген  жана эки өлкөнүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү милдеттер аныкталган.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тараптуу келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду.

🔵 бизнес жана илимий чөйрөлөрдүн, ошондой эле туристтик топтордун өкүлдөрү үчүн визалык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жөнүндө макулдашуу;

🔵 дипломатиялык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашуу;

🔵 2022-2025-жылдарга туризм тармагында кызматташуу программасы;

🔵 илим, технология жана инновация тармагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

🔵 товарларды жана транспорттук каражаттарды бажы чек арасы аркылуу өткөрүү жөнүндө электрондук бажы маалыматы менен алмашуу жөнүндө меморандум;

🔵 E-TIR боюнча электрондук маалымат алмашуу жөнүндө меморандум;

🔵 илим, илимий-изилдөө, билим берүү жана технология тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум;

🔵 экология жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча меморандум;

🔵 айыл чарба министрликтеринин ортосундагы макулдашуу;

🔵 саламаттык сактоо, дарылоо, илимий изилдөө жүргүзүү, билим берүү, фармацевтика жана медициналык жабдуу тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум;

🔵 спорт тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум;

🔵 мунай, газ жана мунай химиясы жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

🔵 мунай, газ жана мунай химиясы жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;

🔵 Чабахар порту аркылуу эл аралык жүк ташуу жана транзит боюнча меморандум;

🔵 2022-2024-жылдарга Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуу программасы;

🔵 эмгек мамилелери маселелери боюнча меморандум.

Мындан тышкары, Өзбекстандын Абу Райхон Беруни атындагы Чыгыш таануу институту менен Ирандын Архив уюму жана Улуттук китепканасы, ошондой эле эки өлкөнүн Ибн Сина фонддору ортосунда документтерге кол коюлду.

Белгилей кетсек, Ирандын президенти Ибрахим Раиси Өзбекстандын президенти Ша

Комментарий жиберүү