Ош Ирандын экинчи чоң шаары Мешхед менен боордош калаа боло алат

Ирандын Мешхед шаарынын жетекчилиги Кыргызстандын Ош шаары менен кызматташууну кеңейтүүгө, ошондой эле боордош шаар мамилелери боюнча меморандум түзүүгө даяр.

Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда Ош шаарынын биринчи вице-мэри Марс Исаев менен Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харразинин жолугушуусунда талкууланды.

Жолугушууда М.Исаев Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун атынан элчиге салам жолдоп, эки тараптуу мамилелер өнүгүп жатканын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар Ош шаары менен Ирандын ири шаарларынын, атап айтканда, Хорасан-Разави провинциясынын административдик борбору Мешхед шаарынын (калкы 2,5 миллиондон ашуун) ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Харрази быйыл Кыргызстан менен Ирандын ортосунда тиешелүү меморандумга кол коюлушу күтүлүп жатканын, анда Кыргызстандын экинчи чоң шаары – Ош шаары менен Ирандын экинчи чоң шаары – Мешхед шаарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү пункттары камтылганын баса белгиледи.

Ошондой эле, бул кызматташтыктын алкагында катуу тиричилик калдыктары менен иштөө, көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана башка тармактарда жарандарга кызмат көрсөтүү боюнча тажрыйба алмашуу багытында иш-чараларды уюштуруу пландалууда.

Жолугушуунун соңунда Саид Харрази Ош шаарынын күнүн белгилөө боюнча салтанаттуу иш-чараларга ардактуу конок катары чакырылды.

Комментарий жиберүү