Шамиль Рифатович Аляутдинов, диний үгүтөөчү, Москва мемориалдык мечитинин имамы, Россия федерациясынын ДУМЕР илимий-уламалар кеңешинин жетекчиси, белгилүү окумуштуу-улама, ислам боюнча 30га жакын китептердин автору, Ыйык Куранды биринчи жолу орус тилине которуп, «Жан дүйнөнүн тынчтыгы», «Уулума белек», «Мусулмандын укуктары», «Триллионер угуп жатат» китептери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө популярдуу болгон. Эл аралык ислам академиясынын жана «аль-Азхар» университетинин ислам укугу факультетинин бүтүрүүчүсү. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын талап кылынган, ардактуу коногу. Бишкек шаарына келген учурда, биздин журналга эксклюзивдүү интервью берип, коомду ойлонткон актуалдуу суроолорго жооп алганбыз.
Чет мамлекеттерден диний билим алгандарды, көпчүлүк учурда, ошол билим алган өлкөдөгү исламдын улуттук өзгөчөлүгүн бизге таңуулап жатат деп күнөөлөп келишет
Макулмун, мындайлар кездешет.
Уламалар (мусулман окумуштуулары) өз өлкөлөрүндө, ижтихадды1 улуттук өзгөчөлөүктү жана заманбап реалдуулукту эсепке алуу менен жүргүзүүгө көз карашыңыз?
Оң көз караштамын. Мухаммад пайгамбар (Ага Жараткандын тынчтыгы жана ыраазычылыгы болсун!) айткан: «Эгерде окумуштуу ижтихад (маселени кунт коюу менен, терең изилдеп чыгып, уламалык корутунду чыгарат) кылып, анысы туура чыкса [Жараткандын алдында] өзүнүн аракети үчүн, аны эки даражадагы сыйлык күтөт; эгерде улама өзүнөн көз каранды болгон нерселердин баарын аткарып (ижтихад маселесинде жана чыгарылган жыйынтыгына жараша), жаңылып калса [Жараткандын алдында], бир даражадагы сыйлыкка ээ болот»2
Мындай мамиле, мурунку советтик мейкиндикте эбак эле бышып жетилген. Айта кетчү жагдай, мусулман баалуулуктарынын пайгамбардын учурунда жана ал дүйнөдөн кайткан он жыл аралыгында тез таралышынын негизги себеби да ушул болуп эсептелет. Ислам эч качан жергиликтүү, улуттук маданиятты четке каккан эмес. Тескерисинче алар менен биригип, жаратуучу иш-аракетти жүргүзгөн. Бара-бара бутпарастык, адепке шайкеш келбеген адаттар өзүнөн-өзү жоголуп, жергиликтүү салт-санаанын кооздугу жана ар түрдүүлүгү сакталып калган. Мисалы, Кытайда мындан 500 же 1000 жыл мурда курулган мечиттерди карап көрсөңүздөр, ал имараттар араб эмес, кытай архитектурасын колдонуу менен салынган.
Араб тилиндеги Курандын жана Сүннөттөрдүн түп нускасын, мусулман уламалары, жалпы адамдык жана адеп-ахлактык, жер бетиндеги көп түрдүү, жергиликтүү салт-санаалардын жана маданияттардын, аны менен бирге жаңы замандын талаптарынын контекстинде угууну эске алуу зарыл (заманбап реалдуулукта, көбүнчө эстен чыгарып жиберишет).
Бул жөнүндө Куранда көп жолу эскерилет:
Кечиримдүүлүктү ал [жолун жолдоо], аларды тууралыкка буюр! [адеп-ахлак, асылдыкка, жүрүм-турум] (жергиликтүү улуттук салт-санааларга)…«Аараф» сүрөөсү, 199-аят
Алар Аллахка [Кудайга, Жаратканга], акырет Күнүнө [чексиз чындыкка] ишенишип, жакшылыкка чакырып (жакшы ниеттеги жергиликтүү, жалпыга тиешелүү, улуттук ченемдерге, салт-санааларга) [өзүнөн баштап, башкаларга дагы жакшы ниеттеги жана туура (ма’руф) экенине үндөйт], жамандыктан тосуп (жергиликтүү, жалпыга тиешелүү, одоно улуттук ченемдерден, салт-санаалардан) [өзүңдөн жана башкалардан жойгонго аракет кыл, анткени адамдын табиятына (мункяр) шайкеш келбей, жергиликтүү адеп-ахлак түшүнүктөрү менен карама-каршы келет], жакшылык иштерге атаандашат. Алар — жакшылардан (такыбалардан)«Аалу Имран» сүрөөсү, 114-аят
[Менин ырайымдуулугума курчалгандар] алар алдыларындагы Тооратта жана Инжилде жазылганды табышып, сабатсыз пайгамбар-элчини [акыркы] ээрчишет. Ал — аларды жакшылыкка буюруп (ма’руф), жамандыктан (мункяр) тыят [жалпы адамзаттын адебинин көз карашы менен алганда, анын ичинен мусулман баалуулуктары таралган, маданияттардын өзгөчөлүгүн эске алуу менен, жергиликтүү улуттук салт-санаанын алкагында]; жакшы нерселерди [анын ичинен, адамзаттын диний өнүгүшүнүн мурдагы мезгилдеринде тыюу салынган, мисалы, жазалоо катары] адал [Жараткандын өкүмүнө ылайык], жаман нерселерди арам кылат [өзүнүн кесепети менен зыян алып келүүчүнүн баардыгы — жийиркеничтүү, өтө зыяндуу, начар нерселер]….«Аараф» сүрөөсү, 157-аят
Силердин араңардан жакшылыкка чакырып [адамга керек болгон бардык нерселерге — адеп-ахлак, тарбиялуулук, динге берилгендик, акыл-эс жана ошондой эле берекелүүлүк, жетиштүүлүк, кененчилик], сооптуу амалдарга [акыл-насаат айткан] үндөгөн (ма’руф, тактап айтканда, жергиликтүү маданияттын же улуттук салт-санаанын контекстинде жакшы иштер катары эсептелгендер) жана жамандыктан тыйган (мункяр — динге, жеригиликтүү салттарга, маданиятка, сергек акыл-эске карама-каршы келген нерселердин бардыгы) бир коом [коомдук түзүлүш, социалдык топ] болсун! Ошолор – (азаптан) кутулуучулар«Аалу Имран» сүрөөсү, 104-аят
Адамзат үчүн жиберилген жакшы коом болдуңар3 [силердин эң башкы үч мүнөзүңөр бар эле]: (1) жакшылыкка үндөгөн (ма’руф — жергиликтүү маданияттын жана салттын контекстинде ушундай деп эсептелген) [өзүңөрдөн баштап, сергек ой жүгүрткөндөргө мыкты жана туура экенине ынандырдыңар]; (2) жамандыктан тыйган (мункяр — жергиликтүү маданияттын жана салттын контекстинде ушундай деп эсептелген) [өзүңөрдөн баштап, башкалардын аң-сезиминен, адамдын табиятына чочун келип, адепке жана ахлакка карама-каршы турган нерселерди жойгонго аракет кылдыңар]; (3) Аллахка ыйман келтирдиңер (Кудайга, Жаратканга, Жалгыз Жаратуучуга)4 [Кудайга ишенүү, акыркы болуп айтылып жатканынын себеби жөнөкөй (чындык Жаратканга гана белгилүү) адамзаттын көп бөлүгүн дин туткандардын катарына кошушат. Бирок жогоруда саналган талаптарга жооп бергендери өтө аз]«Аалу Имран» сүрөөсү, 110-аят
[Өз жанын аябай динге ишенип, Жараткандын жердеги жана түбөлүк ырайымына ээ болгондор…. Алар кимдер? Алар – ] тобоо [күнүмдүк жашоосунда эмне экенин билгендер] кылуучулар (кечирим сурагандар), Аллахты даңктоочулар; [бул] орозо тутуучулар, (намаз окуп) рүкү, сажда кылуучулар [дүйнөнүн Кудайынын алдында сыйынгандар], жакшылыкка чакырып (ма’руф — жергиликтүү маданияттын жана улуттук салттын контекстинде жакшы деп эсептелген), жамандыктан (мункяр — жергиликтүү маданияттын жана салттардын контекстинде ушундай деп эсептелген) тосуучулар [сылык-сыпайы жана оңой түшүндүргөндөр, ишендиргендер], Аллахтын чектерин сактоочулар [бул чектердин калыптануу жараяны, пайгамбарлардын, Кудайдын элчилеринин жана Жазуулардын миссиясы аркылуу миң жылдарга уланган, анын жыйынтыгы — адамзаттын өнүгүшүндөгү акыркы диний түрмөк]. Момундарга сүйүнчүлөгүлө [алар жердеги жана түбөлүк жашоосунда сүйүнүшөт]!«Тавба» сүрөөсү, 112-аят
Эгер аларды [бүткүл дүйнөнүн Кудайы айтып жатат] жер жүзүнө (бекем) жайгаштырсак, (1) алар намаздарын аткарып [тоотпой коюшпайт], (2) зекет беришип [милдетүү кайыр-садага], (3) жакшылыкка чакырып (ма’руф — жергиликтүү маданияттын же улуттук салттын контекстинде жакшы деп эсептелген), (4) жамандыктан тыйышат (мункяр- жергиликтүү маданияттын жана салттын контекстинде ушундай деп эсептелинген). Акыйкатта, иштердин акыбети — Аллахка таандык [бардык жандуу, жансыздардын Жаратуучусуна]«Хаж» сүрөөсү, 41-аят
Уулум намаз [милдеттүү түрдө] оку. Жакшылыкка чакыр (ма’руф — жергиликтүү маданияттын жана улуттук салттын контекстинде жакшы деп эсептелген) [бардык жакшы иштерде үлгү, такыба бол], жамандыктан [өзүңдөн башта] кайтар (мункяр — жергиликтүү маданияттын жана салттын контекстинде ушундай деп эсептелген). Сага жеткен кыйынчылыктарга сабыр кыл [кыйынчылыктардан жана жетишпестиктерден чыйралып, аларды туура баалап, кезеги менен басып өт], анткени бул [бардыгы] иштердеги милдеттүүлүк5«Лукман» сүрөөсү, 17-аят
Улуттук, маданий же аймактык салт-санаалардагы башкы маселе болуп, алар Курандын жана Сүннөттөрдүн принциптерине, жалпыга бирдей постулаттарына карама-каршы келбеши эсептелет. Ушул жерде эң негизги ишти жергиликтүү дин кызматкерлери аткарышы зарыл. Ар бир маселени чечүүдө, талаш-тартыш көп жаралат. Андыктан, алар көз караштын тереңдигин, мыкты уламалык билимди талап кылат (кээ бир идеологияларга байланышы жоктугу. Мисалы, ваххабиттер же хабашиттер, араб, түрк же пакистан салттарына көз карандысыздыгы). Аны менен бирге, заманбап жана улуттук-маданий баалуулуктарды билиши зарыл. Ушунун бардыгы калктын талаптарына ылайык келиши керек.
Менин практикамдан бир мисал келтирип кетсем. Чапан кийип, селде чалынуу сүннөтпү? Намазга ушундай кийим кийсе, сыйлык (Жараткандан) берилеби? Мусулман ушул кийимдерди сөзсүз кийиши керекпи?
Менин жообум: мусулман эркектер жана аялдар, бардык жандуунун жана жансыздын Жаратуучусу тарабынан белгиленген эрежеде жана тартипте кийинсе, эки дүйнөнүн бактылуулугуна ээ болот. Эркек менен аялдын ортосундагы, жүрүм-турумдагы жана кийинүүдөгү сыпайылыктын, орточолук талаптары так аткарылышы зарыл.
Аурат – милдеттүү түрдө жабылууга тийиш болгон, дене бөлүктөрү. Аталган талап, заманбап жашоонун объективдүү факторлорун эсепке алуу менен, өзгөчө мусулмандар башка диндегилердин жана маданияттардын өкүлдөрү менен кошуна жашаган чөйрөдө ишке ашырылышы шарт. Аурат — эркектерде киндиктен, тизеге6 чейин, ал эми аялдарда, бет менен билектен7 башкасы бүт кирет. Бири-бири менен жолукан учурда ушундай эле аурат8 талап кылынат.
Эркек же аял коомдогу адамдар (кандаш тууганы болбосо) менен жүргөндө, аурат сөзсүз жабылышы керек. Аны менен бирге, башка эркектердин жана аялдардын ауратын кароого тыюу салынат9. Аурат аялынын (күйөөсүнүн) жана кээ бир туугандарынын алдында ачылат.
Мусулман канондорунда (Куран жана Сүннөт) дин тутуучунун кийим тандоосун10 чектебейт (эгерде, тиешелүү талапка жооп берсе). Эң башкысы: (1) кийим кандай кийилет: сыпайкерлик же мактаныч менен; (2) башкалардын алдында жабылыш керек болгон жерлер жабыкпы; (3) кайсы каражатка алынган (чыныгы эмгек менен табылганбы).
Эркек намаз окуу үчүн баш кийим (мисалга, улуттук) кийиши зарыл. Андан башка учурларда, аны кийип жүрүүнүн зарылчылыгы деле жок.
Пакистанда, Индияда жана кээ бир мамлекеттерде узун кийимдерди кийишет. Ал аймактар үчүн мындай кийим эреже катары калыптанып калган. Белгилей кетч жагдай, ал кийимди, мусулманы да, христианы, жада калса бутпарасы да кийет. Демек, кийимдин стили адамдын бул же тигил динге байланыштуу экенин аныктабайт. Көпчүлүк учурда кийимдин калыбы климаттык шарттарга жана аймактын көп жылдык салт-санаасынан көз каранды.
Селде менен чапанга окшош кийимди Мухаммад пайгамбар (Жараткан ага ыраазы болуп, тынчтык берсин!) да кийип жүргөн. Ал аныкталган климаттык шартта жашаган адам катары колдонуп, Жараткандын элчиси ушундай кийиниш керек дегенге чакырган эмес11. Мусулман элдеринин чапандарында жана селделеринде улуттук түс орун алып, анын негизинен имамдар менен молдолор кийишет. Эгерде кимдир-бирөө, молдо же имам болбой туруп, сүннөттү сактоо ниетинде кийсе, Аллахтын ыраазычылыгы болушу мүмкүн. Бирок ал Жаратканга гана белгилүү.
«Салттуу ислам» деген атоону (термин) кандай түшүнсөк болот?
Өзүмдүн макалаларымда жана сүйлөгөн сөздөрүмдө бул атоону колдонбойм. Билем, ал күнүмдүк жашообузга терең кирген. Бирок, ошол атоонун так-таасын түшүндүрмөсүн эч ким билбейт. Биз мамлекет жетекчилерине көп жолу кайрылып, зарылчылыгы жок атоолорду алып салып, жогорку интеллектуалдык деңгээлдеги, агартуучу атоолорду колдонууну айтып келе жатабыз. Жыйынтык жок. Мусулман баалуулуктары аяттарга жана хадистерге негизделип түзүлүшү керек. Кур сөз менен «салттуу исламга» чакыруу пайдасыз. Эгерде жергиликтүү уламалар тарабынан калыптандырылган мусулман баалуулуктары маалымат мейкиндигине кирсе, коомчулук жанданып, жалган стереотиптер жоголуп, ар кандай улуттагы жана маданияттагы элдердин ортосундагы чыңалуу жокко чыгат эле. Азырынча, биз көчөт тикпей эле, өрт өчүрүп жатабыз.
Жергиликтүү молдолор жана имамдар, так жана узак убакыт ушул атоону жандандыруунун үстүндө иштесе, натыйжасы жакшы болот. Мында заманбап жашоого жана жергиликтүү маданиятка жакыныраак фатваларды (уламалык корутунду) берип, жергиликтүү салт-санаалардан мусулман баалуулуктарын ачып көрсөтүү керек.
Көпчүлүк мусулмандар «салттуу ислам» атоосун терс кабыл алышат.
Алар мээсинде мурда калыптанып калган нейрон жолдорун колдонуп, ойлонушат жана талдашат. Башында калыптанып калган диний стереотиптер, чечүүчү ролду ойноп, дүйнөнүн сүрөттөлүшүн аныкталган чекте гана көрө алышат. Бул сүрөттөлүшкө дал келбеген нерселер, тыюу салынган же шектүү деген ой менен четке кагылат. Бул жаңы пайда болгон, мусулман үрп-адаттарынын практикасындагы адаттагы көрүнүш.
Куранды жана Сүннөттөрдү так билбестен, куранды, хадистерди туура чечмелей билүү үчүн, сабаттуу уламалык мамиле зарыл. Аны чечмелөөдө идеологиялык же улуттук эле контексти карай бербестен, азыркы заман талабын жана жергиликтүү өзгөчөлүктү эске алуу туура деп эсептейм.
Жакында эле, Кыргызстанда дин тармагындагы мамлекеттик саясаттын концепциясы кабыл алынды. Анда, мамлекет тарабынан ханафит мектеби жана матуридит диний окуусу колдоого алынып, коркунуч жаратпаган бардык мазхабдар жана диний агымдар таанылат.
Туура мамиле. Демек, жергиликтүү дин кызматкерлери, ханафит мазхабынын бардык аалымдарынын ой-пикирлерин талдап чыгып, дин тутуучуга көрсөтүшү зарыл. Жергиликтүү маданияттын жана салттардын контекстинде өз актуалдуугун жоготкон, көп кылым мурдагы эмгектерди которуп, маалыматтык жактан чектелген, жансыз нерселерди берүүнүн зарылчылыгы жок.
Эсиңиздерге сала кетсем, ислам жаралгандан бери, 14 кылымдын аралыгында көптөгөн уламалык мектептер келип чыккан. Алардын кээ бири уламалык болсо, кээ кээ бири уламалык-саясий кызыкчылыкты көздөгөн. Тактап айтканда, аныкталган бийликке же идеологиялык багытка кызмат кылган. Исламдын алгачкы «алтын доорлорунда» көптөгөн аалымдар жашап өткөн. Алардын эмгегинин негизинде — Ыйык Куранды жана Сүннөттөрдү практикалык колдонуу боюнча, мектептер түзүлгөн. Негизинен төрт мазхаб12 гана кеңири таралган. Азыркы коом жөнүндө айта турган болсок, бүгүнкү турмуш талабына ылайык, маданий-тарыхтык мурастардын, аалымдардын эмгектеринин негизинде өнүгүп жатат. Ал мурастар өзүнүн актуалдуулугун, исламдын канондоруна шайкеш келерин далилдеп, ыйык текстерди практикалык колдонуу механизмдери иштелип чыкты.
Кыргызстанда жылдан-жылга динге ишенгендердин саны өсүп, исламдашуу жараяны жүрүп жатат. Коомчулуктун бир бөлүгү, аны терс көрүнүш катары баалап, мамлекет өзүнүн улуттук маданиятын жоготуп жатат деп тынчсыздданышууда. Сиз буга кандай карайсыз?
Жергиликтүү дин башкармалыктарынын туура жана сабаттуу иш алып барышы, коомчулуктун аң-сезиминдеги бул карама-каршылыктарды жоё алат. Мында чымыркануу менен сабаттуу иш жүргүзүү керек.
Сиздин оюуңуз боюнча, дин кызматкери же ислам аалымы, коомчулуктун диний билимин өнүктүрүү үчүн, коомдук билимдерди алгандай эле, диний билим алышы керекпи?
Имам мыкты диний билимге ээ болушу керек (жалпы мусулмандык). Анткени, ошол билими, өзүнө пайдубал болуп берет. Ар бир күнү өз билимин өркүндөтүүнүн үстүндө иштеп, ар тараптуу болууга умтулушу зарыл. Диний теория менен заманбап абалдын ортосундагы байланышты так жана чебер аныктоого үйрөнүүсү шарт.