Иран Ислам Республикасы Ынкылабдан кийин кандай ийгиликтерге жетти?

Бул макаланын авторлору эл аралык маалыматтарга таянып, Ислам ынкылабынын 40 жылдагы жетишкендиктерин карап чыгышып, Ирандагы Ислам ынкылабына чейинки жана андан кийинки абалды төмөндөгүдөй тармактарда салыштырып көрүшкөн:

Саясий көз карандысыздык

Иранда Премьер-министрдин жана шахтын дайындалышы менен Шах Реза Хан Батыштын түздөн-түз көзөмөлүндө болгон. 1976-жылы Иранда 24000 америкалык аскер кеңешчиси бар эле.
Ынкылабдан кийин: “Чыгыш дагы, Батыш дагы эмес” деген стратегиялык ураан менен тышкы дүйнөгө саясий жана аскердик көз карандылыкты жойду. Жетекчилер жалпы элдик добуш берүү менен шайланып калышты.

Аскердик көз карандысыздык

Шах Пехлеви Американын регионалдык кызыкчылыктарын коргоп, ар кандай курал-жарактарды, айрыкча АКШдан сатып алуу менен, өлкөнүн байлыгын ысырап кылган.
Ынкылабдан кийин Ирандын аскердик көзкарандысыздыгы сегиз жылдык Иран-Ирак согушунда, отуз үч күндүк согуш жана колониялык державаларга каршы бирдиктүү ИШИМ күрөшү учурунда байкалды.

Экономикалык көз карандысыздык

Майкл Лидин: “Ирандык мунайзатка сарпталган ар бир АКШ доллары үчүн ирандыктар шах убагында курал-жарак сатып алууга эки доллардан сарпташты.”
Ынкылабдан кийин, мунайга болгон көз карандылыктын 1976-жылы 93% дан 2016-жылы 63% га чейин төмөндөдү.

Теңсиздик

Диктатордук башкаруу учурунда Джининин коэффициенти жогорулап, социалдык теңсиздик күчөгөн.
Джининин коэффициентинин 1986-жылдан 2014-жылга чейин Дүйнөлүк Банктын статистикасы боюнча 8,5% га төмөндөдү.

Жакырчылык

Дүйнөлүк Банктын документтерине ылайык, диктатордун тушунда айылдык калктын болжол менен 60% жана шаар калкынын 30%, ал эми жалпысынан – калктын 46% жакыр болгон.
Дүйнөлүк Банктын документтерине ылайык, Ирандын жакыр калкынын азайышы: 2014-жылы Ирандын калкы 10%ы гана жакыр болсо, ал эми 2016-жылы АКШнын калкынын жакырлыгы 12,75% ды түзгөн.

Азык-түлүк коопсуздугу

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Иранда 1960-жылдан 2016-жылга чейин тоок этин өндүрүү 10 эсе, ал эми мал чарба продукциясын өндүрүү 3 эседен ашык көбөйгөн.
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы боюнча, Иранда 1961-жылдан 2013-жылга чейин киши башына протеин алуунун көрсөткүчү күн сайын көбөйгөн.
Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы боюнча, Иранда киши башына күнүмдүк калория керектөөнүн 1961-жылдан 2013-жылга чейинки орточо дүйнөлүк көрсөткүчкө салыштырмалуу өскөн.
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы боюнча, Иранда киши башына эт менен камсыз кылуу 1961-жылдан 2013-жылга чейин 1,5 эсеге көбөйгөн.
БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун маалыматы боюнча, Иранда балык жана деңиз азыктарын керектөө 1961-жылдан 2013-жылга чейин 5 эсеге көбөйгөн.
Иранда глобалдык ачарчылык индекси төмөндөп, анын 2000 – 2018-жылдар аралыгында регионго жана дүйнө өлкөлөрүнө салыштырмалуу төмөн көрсөткүчтөрү байкалды.
Дүйнөлүк Статистика, Саламаттыкты сактоо жана Айыл чарба Институтунун маалыматы боюнча, Ирандагы тамактануудан өлүмдүн төмөндөшү жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө салыштырмалуу эң төмөн көрсөткүч 1990-жылдан 2016-жылга чейин болгон.

Билим берүү

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Иранда башталгыч билим берүү 1971-жылдан 2014-жылга чейин 1,5 эсеге өскөн.
Ошондой эле Иранда орто билим 1971-жылдан 2014-жылга чейин эки эсеге көбөйгөн.
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, 1971-жылдан 2014-жылга чейин Иранда бүтүрүүчүлөрдүн саны он эсеге көбөйгөн.

Саламаттыкты сактоо

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Ирандын 1960-жылдан 2017-жылга чейинки жашоо узактыгынын индекси жогорулаган.
Ирандын ымыркайлар өлүмүнүн көрсөткүчү 1960-жылдан 2016-жылга чейин 120 ымыркай өлүмүнөн 1000 адамга 1 ымыркай өлүмүнө чейин төмөндөгөн.
Ошондой эле өлкөдө 1990-жылдан 2016-жылга чейин суициддин көрсөткүчүнүн төмөндөшү 6 адамга, орто эсеп менен 100 миң кишиге 2 адамга туура келгендей төмөндөгөн.
Саламаттыкты сактоо статистикасы жана баалоо институтунун маалыматы боюнча, Иранда 1990-жылдан 2016-жылга чейин инсульт оорусу 100 адамга 120 адамдан жана андан 63 адамга азайган.

Саламаттыкты сактоо статистикасы жана баалоо институтунун маалыматы боюнча, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү жана сапатынын индекси 1990-жылдан 2016-жылга чейин Иранда 7,8% дан 49,3% га чейин жогорулаган.
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Иранда дарыгерлердин саны 1960-жылдан 2012-жылга чейин 6 эсе көбөйгөн.

Таза суу менен камсыздоо

Тынч океан институтунун маалыматы боюнча, Пехлеви доорунда Ирандын калкынын 5% жана айылдык калктын 30% ичүүчү таза суу менен камсыз болушкан.
Ал эми Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, 1990-жылдан 2015-жылга чейин ирандыктардын 96% ы таза суу менен камсыз болушкан.
Иран дүйнөдөгү эң арзан ичүүчү суу рейтингинде жетинчи орунда турат.
Ирандын Статистикалык борборунун маалыматы боюнча, 1978-жылы ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн саны 2 700 000 болсо, 2016-жылы 12 500 000ге чейин көбөйгөн.

Электр энергиясы менен камсыздоо

Дүйнөлүк Банктын маалыматтары боюнча, 1990-жылдан кийин бардык ирандыктар электр энергиясына жеткиликтүү болушкан.
Пехлеви доорундагы электр энергиясынын 100 дын 16%ы гана жеткиликтүү эле.
Иран 2018-жылы электр энергиясынын баасы боюнча эң арзан өлкөнүн рейтингинде үчүнчү орунду ээледи.
Пехлеви доорундагы 5000 үй-бүлөгө салыштырмалуу Ынкылабдан кийин 20 миллион үй-бүлөнү газ менен камсыздоо тармагы өнүктүрүлдү.

Күйүүчү май менен камсыздоо

2018-жылы эң арзан бензин үчүн экинчи орун, ал эми дизель үчүнчү орунга чыкты.

Байланыш линиялары менен камсыздоо

Стационардык телефон абоненттеринин санынын 1976-жылга салыштырганда 16 эседен ашык өсүшү.
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Иранда 90% адамдар 1960-жылдан 2015-жылга чейин мобилдик телефондорду колдонушкан.
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Иранда адамдардын 60% Интернетти колдонушат.
Ирандын Статистикалык борборунун маалыматы боюнча, шаардык үй-бүлөлөрдүн 99,6% жана айылдыктардын 98,6% акысыз телекөрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Эмгек ресурстарын өнүктүрүү

2018-жылдагы кадр өнүгүү отчетуна ылайык, Иран 2017-жылы Адам өнүгүү индексинде 60-орунду ээлеген жана адамдык өнүгүүсү жогору өлкөлөрдүн катарында биринчи орунду ээлеген.
2011-жылдагы Адам өнүгүү отчетуна ылайык, Иран 1980-жылы Адам Өнүгүү Индексинде болжол менен 120-орунду ээлеп, адамдык өнүгүүсү төмөн өлкөлөрдүн катарына кирген эле.
2011 жана 2018-жылдардагы адамзаттык өнүгүү боюнча отчетторго ылайык, Иран акыркы 40 жылдык индексте биринчи орунда турат.

Коопсуздук органдары

2001-жылдагы Дүйнөлүк терроризмдин Атласына ылайык, Иран туруктуу жана коопсуз өлкө бойдон калды.
Ар кайсы өлкөлөрдөгү террордук чабуулдарга карабастан, Иранда коопсуздук абалы жакшы.

Аскердик, аймактык кадыр-барк

Шах өзүн таасирдүү адам катары көрсөткүсү келип, көп акча коротуп, куралды өтө кымбат баада сатып алган, чындыгында ал Батыштын региондогу кызыкчылыгын коргогон адам болгон.
Кадрлар – бул аскердик кубаттуулуктун эң маанилүү компоненти. Натыйжалуу жумушчу күчү эки өзгөчөлүктү камтыйт: жогорку даярдык жана тажрыйба.
2017-жылга карата өлкөнүн 300 км. радиусунан 2500 км. радиусуна чейин ракеталык кубаттуулуктун көбөйүшү; Булак: Al Jazeera 2017
АКШ жана Улуу Британиядан кийин Иран учкучсуз учактарын өнүктүрүүдө алдыңкы орунда.
Үчүнчү тутумдардын абадан коргонуу жаатында: Хордад, Табас, Шаламче, Мерсад, Таш жана Саяд, Ислам Республикасынын акыркы жылдарда тынымсыз өнүгүп келе жаткан орто аралыкка учуучу тутумдарынын катарына кирет.
Иранда миналардан коргой турган тез кайыктар, ошондой эле америкалык аскер кемелери менен кагылышуудан “Азарахш” кайыктары бар.
Ынкылаб жеңишке жеткенден кийин аскердик техниканын импортунун кескин кыскарышы, Сауд Аравия, Иранга караганда аскерий чыгымдарга 7 эсе көп каражат коротот.
Ынкылабга чейин Иран региондо америкалык жандарм катары белгилүү болгон. Аймактагы көптөгөн окуяларда ал америкалык жалданма аскердин гана ролун аткарган.
Ислам революциясы жеңишке жеткенден кийин, эзилгендерге жардам берүү максатында, республика аймактагы эзилген элдерге жана боштондук кыймылдарына жардам берүү жөнүндө токтомго кол койду.

Транспорт чөйрөсү

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, темир жол өндүрүшү 1960-жылдан 2016-жылга чейин эки эсеге көбөйгөн.
Иран темир жолдорду куруу боюнча дүйнөдө 12-орунда турат.
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, Иран темир жол транспорту боюнча дүйнөлүк рейтингде 25-орунда турат.
Иран 2016-жылы жүргүзүлгөн иликтөөдө темир жол транспорту менен жүк ташуу чөйрөсүндө 31-орундан 6-орунга жылып, жүк ташуунун санын 6 эсеге көбөйттү.
Турак-жай транспорту жана шаарды өнүктүрүү боюнча универсалдуу колдонмого ылайык, 1979-жылдан 2016-жылга чейин жолдордун саны 4,4 эсеге жана автомобиль жолдорунун саны 8 эсеге көбөйгөн.
Турак жай транспорту жана шаар курулушунун универсалдуу каталогунун маалыматы боюнча, айылдык жолдордун саны 1979-жылдан 2016-жылга чейин 12,5 эсеге көбөйгөн

Илим жана техника

Scopus библиографиялык жана абстракттуу маалымат базасына ылайык, Иран илимий прогресс жагынан кыйла өнүктү.
Scopus библиографиялык жана абстракттуу маалыматтар базасына ылайык, дүйнөлүк деңгээлдеги нанотехнология жаатындагы илимий прогресс жагынан алганда, Иран 1996-жылы 58-орундан 16-орунга өткөн.
Дүйнөлүк деңгээлдеги биохимия жана биология жаатындагы илимий прогресс жагынан алганда, Иран 1996-жылы 52-орундан 17-орунга жылган.
Scopus библиографиялык жана абстракттуу маалыматтар базасына ылайык, дүйнөлүк деңгээлдеги математикадагы илимий прогресс жагынан Иран 1996-жылы 45-орундан 11-орунга чыккан.
Ал эми дүйнөлүк деңгээлдеги физикадагы илимий прогресс жагынан Иран 1996-жылы 56-орундан 13-орунга жылган.
Scopus библиографиялык жана абстрактуу маалымат базасына ылайык, дүйнөлүк деңгээлдеги математика жаатындагы илимий прогресс жагынан Иран 1996-жылы 47-орундан 13-орунга чыкты.
Америкалык Клиникалык Изилдөө Борборунун маалыматы боюнча, Иран генетиканы өнүктүрүү жана өзөк клеткаларын түзүү боюнча дүйнөдө экинчи орунду ээледи.
Дүйнөлүк деңгээлдеги фармацевтика жаатындагы илимий прогресс жагынан алганда, Иран 1996-жылы 49-орундан 11-орунга чыкты.

Энергетика

Иран 2017-жылы энергия өндүрүү боюнча дүйнөдө алтынчы орунду ээледи. Булак: Бириккен Улуттар Уюмунун Энергетика боюнча эл аралык агенттиги.
Көмүр, гидроэнергетика, чийки мунайзат жана жаратылыш газы, ядролук отун сыяктуу энергия булактарынын түрлөрү жаатында 1990-жылдан 2016-жылга чейин Иранда киши башына энергия менен камсыздоонун өсүш тенденциясы кыйла жогорулады. Булак: БУУнун Эл аралык Энергетика Агенттиги.
Революциядан кийин чийки мунай өндүрүшүнүн төмөндөшү жана тазаланган продукцияны өндүрүүнүн көбөйүшү аныкталды.

Иран жаратылыш газын өндүрүү боюнча 1990-жылы дүйнөдө 6-орундан 2015-жылы 3-орунга илгериледи.
Иран 1990-жылдан бери электр энергиясын өндүрүү боюнча 10-деңгээлге көтөрүлдү.
Scopus библиографиялык жана абстракттуу маалымат базасына ылайык, 1996-жылы дүйнөлүк деңгээлдеги энергетика жаатындагы илимий прогресс жагынан Иран 55-орундан 12-орунга жылган.
Ал эми энергетика жаатындагы илимий прогресс жагынан 1996-жылы аймактык деңгээлде Иран 8-орундан 1-орунга жылган.
1996-жылы дүйнөлүк деңгээлдеги өзөктүк илимдеги илимий прогресс жагынан Иран 77-орундан 12-орунга жылган.
Ошондой эле 1996-жылы аймактык деңгээлде атомдук илим жаатындагы илимий прогресс жагынан Иран 13-орундан 1-орунга жылган.
Scopus библиографиялык жана абстракттуу маалымат базасына ылайык, жаңыланып туруучу энергия жаатында алдыга жылуу жагынан алганда, Иран 1996-жылы аймакта 6-орундан 1-орунга өткөн.

Өнөр жай өнүгүүсү

Дүйнөлүк болот ассоциациясынын отчетуна ылайык, Иран 2017-жылы дүйнөдө болот өнөр жайын өнүктүрүүдө 30-дан 13-орунга илгериледи.
АКШнын Статистика борборунун маалыматы боюнча, цемент өнөр жайын өнүктүрүүдөгү илимий прогресс жагынан Иран дүйнөдө 30-орундан 13-орунга көтөрүлдү.
1990-2015-жылдар аралыгында Ирандын орто жана алдыңкы технологиялар тармагындагы экспорту көбөйдү.
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, 1961-жылдан 2016-жылга чейин азык-түлүк өндүрүшүнүн индекси төрт эсе көбөйгөн.
Эл аралык унаа өндүрүүчүлөр уюмунун маалыматы боюнча, Иран унаа өндүрүү боюнча 16-орунду ээлеп, жүк ташуучу жана жеңил автоунаалардын өндүрүшүн нөлдөн 19%га көбөйттү.

Руханият

Пехлеви режиминин тушунда жазма адабиятта, электрондук маданиятта, мектепте жана университет искусствосунда нудизм жана адепсиз маданияттын үстөмдүгү күчөгөн.
Ислам ынкылабынан кийин ар кандай тармактардагы асыл адамдарды окутуу, Пайгамбарыбыздын (с.а.в) таза Исламын жайылтуу, сандык жана сапаттык жактан кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бөлүндү.
Жума намаздарын уюштуруу, Итикаф, Аль-Кудс күнүн жандандыруу, ант берүү маданиятын сандык жана сапаттуу жайылтуу, кайрымдуулук, аалым адамдарга зыярат кылуу жана диний уюмдарды кеңейтүү программалары жүзөгө ашырылды.
Ошондой эле радио жана телекөрсөтүү программаларын сандык жана сапаттык жактан кеңейтүү.
Расмий календардагы улуттук жана диний аталыштардын өзгөрүшү байкалды.
Ажырашуунун эң жогорку көрсөткүчү өнүккөн өлкөлөрдүн арасынан көп болсо, Иран дүйнөдөгү ажырашуу көрсөткүчү эң төмөн он өлкөнүн катарына кирген.

Билим берүү (аялдардын жетишкендиги)

Дүйнөлүк көрсөткүчкө салыштырмалуу 15 жаштан жогору аялдар арасында сабатсыздыктын азайышы.
Студент кыздардын үлүшүнүн эркек студенттердин үлүшүнө салыштырмалуу өсүшү 1976-жылдагы 35%дан 50%га жогору.
Иранда орто билим берүүдө эркек балдарга салыштырмалуу кыздардын үлүшүнүн көбөйүшү.
Университетте билим берүүдө эркек балдардын үлүшүнө карата кыздардын үлүшүнүн көбөйүшү.

Социалдык өнүгүү

Иранда аялдардын жашоо узактыгынын 57,6дан 77,1 жашка чейин өсүшү.
Эркек адистердин үлүшүнө салыштырмалуу аял адистердин үлүшүнүн 15%дан 40% га чейин көбөйүшү.
Аял дарыгерлердин үлүшүнүн эркек дарыгерлерге салыштырмалуу 9%дан 30%га чейин көбөйүшү. Булак: UNHCR
Аялдар арасында гинекологдордун үлүшүнүн 16% дан 98% га чейин көбөйүшү.
Төрөт учурундагы аялдардын өлүмүнүн деңгээлин 90%га төмөндөтүү. Булак: Дүйнөлүк банк.

Пехлевинин башкаруу доорунда

Саясий репрессия ушунчалык күчтүү болгондуктан, “Мардом” Элдик партиясы жана “Миллион” партиясы таркатылгандан кийин Растахиз партиясы гана түзүлгөн.
Пехлеви доорунда шаардык кеңешке жана сенатка чектелген шайлоо өткөрүлүп турса да, эл парламенттик шайлоого гана катышкан.
Пехлеви доорунда басылмалардын саны кескин кыскарган; басмаканалардын саны Ахмад Шахтын тушундагы 540 нускадан Пехлеви режиминин тушунда 86 нускага чейин кыскарган.

Ынкылабдан кийин

Жан башына диний азчылыктарга сыйынууга арналган аянт мусулмандардыкына караганда эки эсе көбөйдү, христиандардын жалпы өлкө боюнча бир чиркөөгө 500 кишиге эсептелген 250дөн ашык чиркөөсү бар.

Митингдерге жана жүрүштөргө курал алып жүрбөстөн уруксат берилет, эгерде бул исламдын принциптерин бузбаса. Ислам Республикасы Иранды бир партиялуу системадан көп партиялуу системага айлантып, 250 партия жана 515 кесиптик бирликтер менен биригишти.
1978-жылы басылып чыккан китеп аталыштарынын саны 1500дөн 2018-жылы 107000ге чейин көбөйгөн.

Тышкы тоскоолдуктар (өнүгүүгө болгон тоскоолдуктар)

Мамлекеттик системаны кулатууну пландаштыруу – террордук топторду жана этникалык топтордун түзүлүүсү.
Сегиз жылдык коркоктук менен өлкөгө жасалган аскердик чабуул,  Санкциялар жана экономикалык блокада.
Өлкөнүн илимий жана өндүрүштүк прогрессинин алдын алуу – айласыздык жана үмүтсүздүктөр.

Ички тоскоолдуктар

Өлкөнү башкарууда интеллектуалдык алсыздык.
Ынкылабдын бардык идеалдарына көңүл бурбоо.
Фракциялык жана саясий трайбализм.

Комментарий жиберүү