Си Цзиньпин Кытай-АКШ жаңжалы болуп кетсе, глобалдык катастрофа болорун эскертти

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин АКШнын президенти Жо Байден менен телефондо сүйлөшүүсүндө эки өлкөнүн ортосунда чыр-чатак чыкса? бүтүндөй дүйнө үчүн катастрофа алып келерин эскертти.

Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги жазды.
Кытайдын лидери Пекин менен Вашингтондун ортосундагы эки тараптуу мамилелердеги жалгыз мүмкүнчүлүк “кызматташуу” экенин баса белгиледи.
“Кытай-АКШ кызматташтыгы эки өлкө үчүн, ошондой эле жалпы дүйнө үчүн көп жагынан пайдалуу. Кытай менен АКШнын тиреши эки өлкө үчүн жана бүткүл дүйнө үчүн апаат болору анык”, – деди Си Цзиньпин.
Ошондой эле, Кытайдын лидери айрым маселелер боюнча ар кандай көз караштарга карабастан, эки тарап пикир келишпестиктерди өз ара урматтоонун негизинде чечиши керектигин баса белгиледи.
Мындан тышкары, Си Цзиньпин Пекин менен Вашингтондун ортосундагы диалог механизмдерин калыбына келтирүүгө, ошондой эле туура эмес эсептөөлөрдөн жана туура эмес чечимдерден алыс болуу үчүн бири-биринин саясатын туура аныктоого чакырды.

Комментарий жиберүү