Азирети пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) сүйкүмдүү, жүзүнөн жылдызы, нуру төгүлүп турган жан болгон экен. Анын турган турпатына, кебетесине, көрүнүшүнө окшош эч ким жаралган эмес, жаралбайт да. Алланын акыркы элчисинин нур тамылжыган жүзүн жана рухий ааламын аңдап-түшүнүү ашкере кыйын.
Бул жагдай туурасында имам Куртуби:“Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) жүзүнүн жамалы толук көрүнгөн эмес. Эгерде анын ай жамалы, аруулугу, сулуулугу толук көрүнгөн болсо, пайгамбарыбызды тик кароого сахабалардын дарамети жетмек эмес”, -дейт.
Чынында да пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-салаваттары болсун) менен үзөңгүлөш болуп, дайыма бирге жүргөндөрдүн арасында анын нурдуу жүзүн моокуму канганча карай алган жан болгон эмес экен. Жадагалса дилмаек учурунда да сахабалар ага таазим кылып, башын төмөн ийип, жер карап тургандыгы, пайгамбарыбыз менен азирети азирети Абу Бакр жана азирети Умар гана бетме-бет сүйлөшө алгандыгы баяндамаларда айтылып келет. Алар пайгамбарыбызга карап жылмайганда, аларга жооп кылып Алла элчиси да жылмайып коер эле.
Бул жагдай туурасында, “Мисир Фатихи” (Мисирди колго алган) деген наам менен тарыхта калган Амр бин Ас (Алла ага ыраазы болсун) өмүрүнүн акырында мындай деген экен:“Мухаммед пайгамбарыбыз менен көп жолу бетме-бет болгон жайым бар. Бирок ага болгон таазимимден, урмат-сыйымдан улам тик карап, анын нур төгүлгөн жүзүн моокум канганча карай алган жокмун. Эгерде азыр мага кимдир-бирөө: “Бизге пайгамбарыбызды сүрөттөп бер” десе, ишенип койгула, аны сөз менен түшүндүрө албайм”.
Пайгамбарыбыздын (Алланын ага салам-салаваттары болсун) тамылжып турган нур жүзү дүйнөдөгү эң сулуу, эң чырайлуу жана эң тунук жүз эле. Мусулмандар Медина шаарына көчүп келгенден кийин мединалык жөөттөрдүн аалымы Абдуллах бин Салам сынайын деген максат менен пайгамбарыбыздын акак сымал жамалын көргөндө:
“Жок, бул жүз ээсинин жалган сүйлөшү эч мүмкүн эмес!” деп айран таң калып, ошол жерден дин исламды кабылдаган экен.
Анткени анын жүзүндөгү нур эң жогорку даражада болгон. Анын чыныгы пайгамбар экендигин тастыктоого чындыгында жүзүнүн сулуулугу, тунуктугу гана жетиштүү эле, өзүнчө мужизанын, башка далилдин кажети деле жок болчу.
Пайгамбарыбыз бир нерсеге ыраазы болсо, же ыраазы болбой калса, дароо анын нурдуу жүзүнөн байкалып турчу.
Анын күч-кубаты, чымыр денеси, шамдагайлыгы, чыдамкайлыгы, адамдык касиети өтө жогору эле.
Жүзүнөн нур төгүлүп, сөзүнө акыл-парасаты куюлушуп турганын, эл менен болгон жылуу мамилесин, сый-сыпаалыгын, тилинин таттуулугун, тактыгын, кыска жана нуска сүйлөгөнүн айтпа!..
Анын ар бир сөзү өзүнчө дайра эле! Сөзүндөгү маани-маңызды, даанышмандыкты, акыл-насааттарды кара! Ал эч качан ушак-айың, жөнсүз, дайынсыз, пайдасы жок сөздөрдү сүйлөгөн эмес. Кимдир бирөө менен баарлаша турган болсо, анын акыл-парасатына жараша, жөнөкөй кеп же адабий тил менен сүйлөөр эле.
Ал өтө сылык-сыпаа инсан болгон. Ашыкча каткырып күлгөн эмес. Жүзү ар дайым жылмайыңкы абалда болчу. Ошол эле маалда анда пайгамбарлык сүр да бар эле. Капысынан алдынан чыга калган киши кадимкидей сүрдөп кетер эле. Ким менен маектешпесин, анын жүрөгүнөн сөзсүз түнөк табар эле.
Ал кадыр-барктуу, эл урматтаган инсандарды сыйлаар эле. Тууган-туушкандарын конокко коп чакырчу. Үй-бүлөсүнө, сахабаларына кандай жылуу мамиле жасаса, башкаларга да ошондой жылуу-жумшак мамиле жасачу.
Кызматкерлери анын алдында өзүн эркин сезчү. Асыресе кызматкерлерине өзү жегенден жедирип, өзү кийгенден кийгизчү. Ал жоомарт, меймандос, боорукер, мээрман, эр жүрөк, баатыр жана ырайымдуу киши эле жарыктык!
Азирети Жабир (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт:
“Бир нерсе суралганда, эч ким анын “жок” деп жооп бергенин уккан эмес”.
Алланын элчиси ар дайым сөзүнө, убадасына бекем турган. Адамгерчилиги, адеп-ахлагы акыл-парасаты, зээни, зиректиги жагынан алдына киши салдырган эмес. Пайгамбарыбыздын ар бир иши алкышка татыктуу эле.