Окумуштуулар: калп айтуу – ден соолукка зыян

Сиз калп айтуунун ден соолукка зыян экенин уктуңуз беле? Америкалык окумуштуулар көп калп айткан адамдын организми ар кандай ооруларды чакырарын изилдеп чыгышкан. Бул эмоционалдык стресс менен байланышып, жыйынтыгында физикалык ооруларга алып келери эксперимент түрүндө тастыкталган.

Изилдөөчүлөр көп калп айткан адамдын организми стресске бат кабыларын, муну, ал кайда, качан болбосун, өзүн-өзү контролдоп, кайсы жерде эмне деп калп айтканын эстеп, калпы чыгып калбоосу үчүн тынчсызданары менен байланыштырышкан. Калпычы анын калпын качан чыгарып салышат экен деп ар дайым коркунучта жүрөт. Мындай стресс оорунун бир топ түрүнө алып келет. Америкалык окумуштуулар ыктыярчыларды экспериментке чакырышкан. Бир нече адамдан турган топ 2ге бөлүнүп, 1-топко жалаң гана чындыкты сүйлөөгө, ал эми 2-топко каалашынча калп айта берүүлөрүнө уруксат беришкен. 10 жумадан соң катышуучулар медициналык кароодон өтүп, жыйынтыгында, “калпычылар” физикалык жана психологиялык жактан жабыркагандары белгилүү болгон.

Ыйык Куранда калп айтуу оор күнөөлөрдүн катарына кирет.

Пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) мындай насаат калтырган:“Калп айткандан сактангыла! Анткени, ал бузукучулукка багыттайт. Бузукучулук болсо тозокко багыттайт. Бир адам ар дайым калп айтып, калпты кааласа, Алла Тааланын алдында калпычы деп жазылат”, – деп айткан.

Сүйүктүү пайгамбарыбыз, жадагалса, адамды күлдүрүш үчүн ,тамашалоо иретинде да калп сүйлөгөн эмес. Андыктан, мусулмандар бардык иште –сөзү, кыймыл-аракети, адамдарга мамилеси, соода-сатык, иште, тамашада да чынчыл болуусу керек.

Көп калп айткан адам бара-бара муну адат кылып, кийин бул илдеттен арыла албай кыйналышы мүмкүн. Ошондуктан, калп айтуудан биротоло баш тарткан оң. Кыргыздарда “Калптын казаны кайнабайт”, “Кыңыр иш кырк жылда билинет” өңдүү таамай айтылган сөздөр бар. Адамдын калпы бул дүйнөдө чыкпаса, акыретте баарынын көзүнчө ашкере болорун унутпоо керек.

Комментарий жиберүү