Ыңкылабдын лидери: Эгерде биз каршылаш тараптын өзөктүк келишим боюнча оң кадамдарын байкасак, ушундай жол менен иш-аракет кылабыз

Аятолла Хаменеи өзөктүк келишим боюнча Иран Ислам Республикасынын саясатын баяндады.

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Иран Ислам Республикасынын Руханий лидери Аятолла саид Али Хаменеи Тебриз шаарынын жашоочуларына видео кайрылуу жасап, өлкөнүн өзөктүк келишим боюнча позициясын баяндады.
 “Эгерде биз өзөктүк келишимдеги каршылаш тараптын алгылыктуу кадамдарын көрө турган болсок, анда биз дагы ошондой иш-аракет кылабыз. Бул жолу мурдагыдай жөн гана убадалар менен канааттанбайбыз”, -деди Руханий лидер.
Ислам Ынкылабынын лидери Тебриз шаарынын жашоочулары үчүн видео кайрылуусунда мындай деп кошумчалады: “Өзөктүк келишимдин айланасында ушак-айыңдар жана ар кандай убадалар бар, бирок биз буга чейин көптөгөн жакшы сөздөрдү жана убадаларды уктук, ошондуктан бир гана сөздөр жана убадалар пайдасыз жана бул жолу иш-аракеттер, практикалык кадамдар гана бизди канаатандыра алат “.
 Империализмдин Ислам Ынкылабы жана Иран Ислам Республикасы менен кастыгынын негизги себебин эч качан унутпоо керектигин баса белгилеп, ал мындай деди: “Албетте, алар дагы деле кутум уюштуруп, ар кандай шылтоолор менен бизге каршы турууга аракет кылышууда. Анын ичинде адам укуктары, ислам шарияты, ядролук же ракеталык программалар, регионалдык таасир жана башкалар бар. Албетте, булар жөн гана шылтоо экендигин белгилей кетүү керек.”
Белгилей кетсек, Ынкылабдын 40 жылдык жетишкендиктеринин катарында Ирандын жогорку лидери биринчи кезекте куралдуу күчтөрдүн жана улуттук коргонуунун чыңдалышын жана Ирандын кубаттуу регионалдык державага айланышын мисал келтирди.
Анын айтымында, “Американын, сионисттик режимдин жана башка кээ бир европалык күчтөрдүн ар кандай кутумдарынын негизги себебин Ислам ынкылабынын алдыга жылуу кыймылынан издөө керек. Ал эми Аллах Таала буюрса, бул кутумдар таасирсиз калат”.
 Иранда боло турган президенттик шайлоого токтолуп, Аятолла Хаменеи шайлоону өлкөдөгү саясий баалуулуктарды жайылтуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк деп атап, мындай деди: “Албетте, Ислам Республикасынын оппоненттери биздин өлкөнүн өнүгүшү үчүн бул мыкты мүмкүнчүлүктү жана потенциалды колдонушубузду каалашпайт. Бирок элдин шайлоого болгон ынтызарлыгы жана ынкылабдык катышуусу мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн гана эмес, ошондой эле душмандардын чабуулун басуу жана алардын ашыкча ач көздүгүн азайтууга багытталмакчы. “

Комментарий жиберүү