Бүгүн, 30-августта кезектеги гуманитардык миссиянын алкагында Сириянын түндүк-чыгышында жайгашкан лагерде турушкан Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча «Айкөл» иш-чарасы өткөрүлдү.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, КР президентинин жана министрлер кабинетинин тапшырмаларына ылайык, Сириядан Кыргызстанга атайын учак менен Кыргызстандын жарандары алынып келинди.