«Тик-Ток» аркылуу Өзбекстандын жараны Кыргызстан тууралуу терс маалымат айткан

Учурда видео кайрылуу Кыргызстандын, Өзбекстандын жана РФнын ички иштер министрликтеринде катталып, тергөө иликтөө иштери башталды, аталган фактыга юридикалык баа берилет.

Бул тууралуу  ИИМдин Басма Сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын 24-августунда интернет булактарын мониторинг жүргүзүү учурунда “Тик Ток” кыска видеолор сервисинде “kumushalaiscag” аттуу колдонуучу видеоматериал жарыялап, анда белгисиз улуттагы жаран өзбек тилинде кыргыз элинин ар намысына доо келтирген видеокайрылуу жасаган.

Бул видео социалдык тармактарда талкуу жараткан. Аталган видео боюнча белгисиз аял Өкмөт үйүнүн алдына нараазычылык акциясына чакырып, Өзбек республикасынын жетекчилигине, коомчулугуна да кайрылгандыгын билдирип “камалсын же тили кесилсин” деп талап кылган.

Жогоруда видеолор боюнча ички иштер министрлиги тиешелүү иш чараларды жүргүздү. Анын жыйынтыгында видео кайрылуу аркылуу нааразычылык акциясына катышууга чакырган аялдын да өздүгү аныкталып, ал 32 жаштагы К.А. экендиги белгилүү болуп, ага Бишкек ШИИББы тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле ыкчам-санариптик иш чаралардын жүрүшүндө видео кайрылуу жасаган жаран Өзбекстан Республикасынын 28 жаштагы жараны А.Р. экендиги аныкталды. Ал Кыргыз Республикасынын аймагына 2019-жылдын 27-июнунда кирип, 1-июлда Ош аэропортунан Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына чыгып кеткендиги аныкталган.

Аталган маалымат боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги тарабынан Өзбекстан республикасынын ички иштер министрлигинин жетекчилигине жана Россия Федерациясынын ички иштер министрлигиндеги Кыргыз Республикасынын ИИМнин өкүлчүлүгүнө ушул маалыматтар жөнөтүлүп, тез арада тактоо, аныктоо иш чаралары жүргүзүлдү.

Анын жүрүшүндө видео кайрылуу жасаган жаран учурда Санкт Петербург шаарында жашап жаткандыгы такталып, РФ ички иштер министрлиги жана ал жактагы биздин ички иштер министрлигинин өкүлчүлүгү тарабынан тактоо, аныктоо иш чаралары жүргүзүлө баштаган. Ошол эле күнү А.Р. интернет тармактарындагы өзүнүн видеосу боюнча кечирим сураган.

Бирок аталган видео кечирим суроо менен гана аяктап калбайт, себеби маалымат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек ШИИББында, Өзбек Республикасынын ички иштер министрлигинин жана Россия Федерациясынын ички иштер министрлигинин атайын башкармалыктарында катталып, тиешелүү ыкчам иликтөө иш чаралары жүргүзүлүп, экспертизалар дайындалды. Тергөө иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө аталган факт боюнча сөзсүз түрдө юридикалык баа бериле тургандыгын КРнын ИИМи билдирди.

Комментарий жиберүү