Сирияда парламентке шайлоо өтүп жатат

Бүгүн, 15-июлда Сирияда элдик кеңешке (парламентке) шайлоо өтүп жатат. 8 миңден ашуун шайлоо участкалары Дамаск жана башка шаарларда жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дө ачылды.

Сириянын президенти Башар Асад парламенттик шайлоодо добуш бергенин, анын кеңсесинен билдиришти.

“Президент Башар Асад Дамасктагы шайлоо участкаларынын биринде Элдик кеңештин мүчөлөрүн шайлоодо добуш берди”, – деп айтылат билдирүүдө.

Шайлоону көзөмөлдөө боюнча Жогорку Соттук комитет (Шайлоо комитети) билдиргендей, 250 депутаттык орун үчүн өлкөнүн бардык аймактарынан 1516 талапкер ат салышууда. Божомолдор боюнча, парламенттин курамы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча 50%дан ашыкка жаңыланышы мүмкүн.

2020-жылдагы шайлоодо жеңген “Улуттук биримдик” коалициясы фаворит болуп саналат. Анын тизмесине башкаруучу Араб социалисттик кайра жаралуу партиясынан 168 талапкер жана Прогрессивдүү улуттук фронттон анын союздаш уюмдарынан 16 талапкер бар.

Республиканын президенти Башар Асад 1963-жылы 8-мартта бийликке келген Араб социалисттик кайра жаралуу партиясынын башкы катчысы болуп саналат.

Элдин эркин билдирүү процесси Сириянын көпчүлүк аймактарында өтүп жатат.

Парламенттик шайлоо 2012-жылдын 26-февралында референдумда бекитилген Конституцияга ылайык көп партиялуулуктун негизинде өткөрүлөт. Добуш берүүгө 18 жаштан жогорку 19 миллиондон ашуун сириялык жарандар укуктуу. Элдик кеңештин курамы жалпы, түз жана жашыруун добуш берүү менен төрт жылдык мөөнөткө шайланат. Сирияда араб социализми курулгандан бери келе жаткан жумушчулар жана дыйкандар үчүн квоталар өзгөртүлгөн эмес. Аларга парламентте 127 орун бөлүнгөн.

Учурдагы парламенттик шайлоо Сирия үчүн 2011-жылы өлкөдө куралдуу кагылышуу башталгандан берки төртүнчү шайлоо болуп саналат. Мурдагы парламенттик шайлоо 2020-жылдын июль айында өткөн. Анда Элдик кеңештеги орундардын көбүн башкаруучу “Баас” партиясы алган.

Комментарий жиберүү