Бразилия, Иран, Түркияда элдин саны көбөйүп, Босния, Герцеговина, Литвада азаятДүйнө


БУУнун эксперттери иммиграция дүйнөнүн 52 өлкөсүндө калктын санынын өсүү факторлорунун бири болорун өзгөчө баса белгилешет.

БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаменти (DESA) дүйнө калкы кийинки 60 жылда өсүүнү улантып, 2080-жылдардын ортосуна чейин 10,3 миллиардга жетет деп билдирди.

«Дүйнө калкынын өсүшү дагы 50-60 жыл бою уланып, 2024-жылдагы 8,2 миллиарддан 1980-жылдардын ортосуна чейин 10,3 миллиардга жетет деп күтүлүүдө. Дүйнө калкынын саны өсүүнүн чокусуна жеткенден кийин кайра төмөндөй баштайт, акырындык менен кылымдын аягына чейин 10,2 миллиард адамга чейин төмөндөйт деп болжолдонууда», — деп айтылат уюмдун баяндамасында.

ТЕМА БОЮНЧА
Шымдагы жүз жылан. Кытайга тирүү сойлоочуларды алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды
Шымдагы жүз жылан. Кытайга тирүү сойлоочуларды алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды
12.07.2024
Ошентип, БУУнун эксперттери XXI кылымда дүйнө элинин көбөйүүсү туу чокусуна жетүү ыктымалдыгы 30% гана деп белгилеген мурунку болжолдоолорун кайра карап чыгышты. Кошумчалай кетсек, азыркы болжолдоодо 2100-жылы калктын саны мурда күтүлгөндөн 6% аз же 700 миллион киши болот деп болжолдонууда.

Докладдын авторлору божомолго өзгөртүүлөр дүйнөнүн айрым ири өлкөлөрүндө, өзгөчө Кытайда төрөттүн төмөндөшү тууралуу маалыматтарды талдоонун негизинде жасалганын түшүндүрүшөт.

Учурда дүйнө калкынын 28%га жакыны жашаган дүйнө жүзү боюнча 63 өлкө өсүштүн туу чокусунан өткөнү күтүлүүдө. Бул мамлекеттерге Орусия, Кытай, Германия жана Япония кирет.

Ошентип, бул өлкөлөрдүн калкы келечекте азаят. Албания, Босния жана Герцеговина, Литва, Пуэрто-Рико жана Молдова сыяктуу өлкөлөрдө калктын саны эң көп – жакынкы 30 жылда 14% азайышы мүмкүн.

Учурда дүйнө калкынын 10% түзгөн 48 өлкөдө адамдардын саны жакынкы жылдарда өсүп, 2025-2054-жылдар аралыгында эң жогорку чегине жетет. Бул топко Бразилия, Иран, Түркия жана Вьетнам сыяктуу өлкөлөр кирет. 126 өлкөдө калктын саны 2054-жылдан кийин да өсө берет жана 2100-жылга чейин же андан кийин чокусуна жетет. Бул өлкөлөргө Индия, Индонезия, Пакистан жана АКШ кирет.

БУУнун эксперттери иммиграция 2054-жылга чейин 52 өлкөдө жана 2100-жылга чейин 62 өлкөдө калктын санынын өсүү факторлорунун бири болорун өз-өзүнчө баса белгилешет. Калкынын саны өсө турган өлкөлөрдүн арасында, анын ичинде башка өлкөлөрдөн агылып келүүлөрдүн эсебинен, эксперттер Австралия, Канада жана АКШны аташат.

Комментарий жиберүү