БУУда Кыргызстан сунуштаган адам укуктары боюнча резолюция кабыл алынды

Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши (АУК) Кыргызстан БУУнун адам укуктары боюнча улуттук кеңешчилери институтун колдоо максатында демилгелеген жана алдыга койгон резолюцияны бир добуштан кабыл алды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин малыматы боюнча, бул  резолюциянын максаты чакан жана же Женевада өкүлчүлүгү жок мамлекеттерге адам укуктары чөйрөсүндөгү кырдаалды жакшыртуу жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы менен өз ара аракеттенүү үчүн улуттук кеңешчилер институтун бекемдөө аркылуу жардам көрсөтүү болуп саналат.

Бул тууралуу Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Омар Султанов резолюциянын долбоорун кеңештин мүчөлөрүнө тааныштырып жатып “Кеңеш тарабынан институтту (улуттук кеңешчилерди) тереңирээк түшүнүү Женевада аз көрсөтүлүп жаткан өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө басым жасоону күчөтүп, алардын адам укуктары жаатындагы көйгөйлөрүн чечүүгө жана аларга зарыл консультациялык жардамды берүүгө кепилдик берет”, – деди

Кабыл алынган резолюция Кыргызстандын эл аралык агенттиктер менен конструктивдүү мамилелерди түзүүгө жана өнүгүп келе жаткан, чакан жана арал өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган Адам укуктары кеңешинин тышкы саясатынын гармониялуу уландысы болуп саналат.

Комментарий жиберүү