Футбол: Кыргызстанда өткөн CAFA – U-20 турниринде Иран чемпион болду. Сүрөт

12-июлда Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда өткөн Борбор Азиянын футбол ассоциациянын жаштар чемпионатынын финалында Ирандын курама командасы биринчи орунду жеңип, чемпион аталды.

Алар Кыргызстан менен беттешип, 3:0 эсебинде жеңишти камсыз кылышты.

Бул турнирде Кыргызстандын курамасы күмүш медалга (экинчи орунга) ээ болду. Ал эми ушул эле күнү Өзбекстан менен Тажикстандын курамалары беттешип, 3:0 эсебинде Өзбекстан жеңип, үчүнчү орунда ээледи. Ошентип төртүнчү орунду Тажикстан алса, Ооганстан бешинчи, Түркмөнстан алтынчы орунду камсыздашты.

Финалдык беттештен кийин масштабдуу жабылуу аземи салтанаттуу өткөрүлдү. Кубокту Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев тапшырды.

20 жашка чейинки жаштардын Борбор Азия чемпионатынын алкагында Кыргызстан, Тажикстан жана Ооганстан менен “А” тайпасында ойноп, биринчи орун менен финалга чыккан. Ал эми биринчи орунду камсыздаган Иран командасы Өзбекстан жана Түркмөнстан менен “В” тайпасында топ сүргөн.

Эске салсак, 5-12-июль күндөрү Кыргызстанда өткөрүлгөн бул чемпионатта алгачкы жолу VAR системасы колдонулду.

Комментарий жиберүү