Ирандын жаңы президенти Газада ок атууну токтотуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого убада берди

Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкян биринчи кезекте Газа тилкесинде туруктуу ок атышпоого жетишүү үчүн араб өлкөлөрүн кызматташууга чакырууга жана бардык саясий рычагдарды колдонууга убада берди.

Бул тууралуу Ирандын жаңы президенти “Tehran times” басылмасында жарык көргөн “Менин жаңы дүйнөгө билдирүүм” деген макаласында билдирди.

“Менин администрациям биринчи кадам катары Газада кыргындарды токтотуу жана чыр-чатактын жайылышына жол бербөө үчүн туруктуу ок атышпоого артыкчылык берүү үчүн биздин араб кошуналарыбызды кызматташууга чакырат жана бардык саясий жана дипломатиялык рычагдарды колдонот”, – деген Пезешкиан.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, Израилдин Газа тилкесине 7-октябрдан бери жасаган соккуларынан каза болгондордун саны 38 миңден ашып, 88 миңден ашуун киши жаракат алды.

Эске салсак, 5-июлда Ислам республикасында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоонун экинчи туру болуп өткөн.

Анда реформачылар канатынын талапкери, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Масуд Пезешкян жалпы добуштардын 53,6%ы менен жеңишке жеткен. Анын атандашы консерватор Саид Жалили добуштардын 44,3%ын алган.

Иранда шайлоо мурдагы президент Ибрахим Раиси 19-майда тик учак кырсыгынан көз жумганына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда өткөрүлдү.

Комментарий жиберүү