Сириянын президенти АКШнын үстөмдүгүнө каршы коалиция түзүүнү сунуштады

 Сириянын президенти Башар Асад АКШнын гегемониясына каршы турууну көздөгөн өлкөлөр коалиция түзүшү керек деген оюн билдирди. Бул тууралуу ал РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирди.

“СССР кулагандан бери кеминде отуз жыл же андан да көп – Корей согушунан бери созулган америкалык агрессияны токтото турган кандайдыр бир мамлекет бар деп айта албайбыз. Эгерде саясий ишмердүүлүк жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда бир катар мамлекеттердин ортосунда коалиция керек”, – деди Асад.

Анын айтымында, көп уюлдуу дүйнөнү түзүүгө салым кошо ала турган бир катар өлкөлөр бар.

“Бул жаатта Россия менен Кытайдын чоң жоопкерчилиги бар. БРИКС өлкөлөрү да бар, АКШ дүйнөлүк стабилдүүлүккө коркунуч экенин сезип андан алыстап, Вашингтонго ишенимин жогото баштаган башка өлкөлөр да бар”, – деди Сириянын президенти.

Эске салсак, Сириянын президенти Башар Асад Россияга сапары менен 14-мартта келип кеткен.

Асад Путин менен болгон жолугушууда Дамаск Россиянын Украинадагы аскердик операциясын колдоорун жана жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгында Донецк, Луганск, Херсон жана Запорожье кошулгандан кийинки Россиянын жаңы чектерин тааныйт деп билдирген.

Комментарий жиберүү