“Талибандын” өкүлү Сохейл Шахин: «Пекин Ооганстанда тынчтыкты жана ички ынтымакты өнүктүрүүдө конструктивдүү роль ойноду жана биз каалагандай Ооганстанды калыбына келтирүүгө салым кошо алат”,- деп билдирди.
Белгилей кетсек, ал Кытайдын CGTN каналына берген интервьюсунда: “Кытай – гигант экономикасы жана чоң өндүрүштүк кубаттуулугу бар ири өлкө. Менимче, алар Ооганстанды реконструкциялоодо, модернизациялоодо жана реабилитациялоодо абдан чоң роль ойной алышат”, – деп кошумчалады.
Эске салсак, өткөн айда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И түндүк порт шаары Тяньцзинде талибдердин делегациясы менен жолугушкан.
Жолугушууда Ван И Ооганстан байистүү саясат жүргүзөт деген үмүтүн билдирген.
Ван И 19-августта Улуу Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда эл аралык коомчулукту бийликти өткөрүп берүү учурунда Ооганстанга эч кандай кысым көрсөтүүдөн, ошондой эле аны эсепке алуу үчүн арена катары колдонбоого чакырды.
Кытайдын тышкы иштер министри Бээжиндин ооган маселесин чечүүгө жардам берүүгө даяр экенин айтып: “Ички иштерге кийлигишпөө принцибине таянып, Кытай Ооганстанда конструктивдүү ролду аткаргысы келет”,- деп баса белгиледи.