“Талибан” “жалпы мунапыс” тууралуу жарыясынан кийин, Бадгис полиция башчысын өлүм жазасына тартты

Талибдер Оогантандын Бадгис провинциясынын полиция башчысын өлүм жазасына тартты.

Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары маалымдашты.

Мындан бир нече күн мурун Ооганстанды басып алган “Талибан” кыймылы “жалпы мунапыс” жарыялаган. Бул билдирүүдөн көп өтпөй, “Талибандын” согушкерлери Ооганстандын Гератка жакын Бадгис провинциясынын полиция башчысы Хаджи Мулла Ачакзайды өлүм жазасына тартты.

Бейшемби күнү Твиттерде тараган видеодо Ачакзайдын көзү байланып, талибдердин курчоосунда тизе бүгүп турганын жана аны бир нече жолу атып салганын көрүүгө болот.

Бул маалыматты Ачакзайды тааныган Ооганстандын коопсуздук боюнча кеңешчиси Насер Вазири Newsweek басылмасына тастыктап, бул видео талибдер менен байланышкан тармак аркылуу бөлүшүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, согушкерлер Ооганстандын жарандык Өкмөтү менен бирге талибдерге каршы көптөн бери күрөшүп келген Ачакзайды издеп жүрүшкөн.

Насер Вазиринин билдирүүсүнө караганда, Ачакзай жогорку даражалуу чалгын кызматкери болгондуктан, талибдер аны өлтүрүшкөн.

Маалыматка караганда, Ачакзай талибдер тарабынан бутага алынган көптөгөн жарандык Өкмөт өкүлдөрүнүн бири. Жакында эле “Талибандын” согушкерлери Ооганстандын Тахар провинциясында бир аялды паранжа кийген жок деп атып өлтүрүшкөнү маалымдалган.

Комментарий жиберүү